2026-жылдын 21-апрелинен 24-апрелине чейин Ташкентте санариптик трансформацияны алга жылдырууга жана эл аралык телекоммуникациялык байланыштарды бекемдөөгө арналган Central Asia 2026 GCCM Эл аралык форуму болуп өттү. Форумга 75 өлкөдөн 300дөн ашык эксперттер, ошондой эле алдыңкы телекоммуникациялык компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага “Кыргызтелеком” ААКнын атынан коммерциялык директор Улугбек Ахметов жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков катышты.
Форумдун жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААК менен азербайжандык «Delta Telecom LTD» компаниясы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана алардын телекоммуникациялык инфраструктурасын модернизациялоого багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Документ коммуникация тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, анын ичинде:
- телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо
- заманбап байланыш технологияларын киргизүү
- кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү
- тажрыйбаларды жана алдыyкы тажрыйбаларды алмашуу
Тараптардын ортосундагы кызматташтык байланыштын сапатын жогорулатууга, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана телекоммуникация секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Тараптар меморандумду ишке ашыруу узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизин түзөөрүнө ишеним билдирди.
Маалымат үчүн:
Delta Telecom LTD 2000-жылдан бери иштеп, ишканаларга, мамлекеттик органдарга жана операторлорго байланыш кызматтарын көрсөткөн Азербайжандын телекоммуникациялык компаниясы жана интернет провайдери болуп саналат.




