Ысык-Көлдүн жээгинде «Кыргызтелеком» ААК кызматкерлеринин жыл сайын өтүүчү XXVII Республикалык спартакиадасы жыйынтыкталды. Спорттук мелдештер 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүп, Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы компаниянын кызматкерлерин бириктирди.
Спартакиадага «Кыргызтелеком» ААКтын Борбордук аппаратынын, «РПО РМТР» ААКтын, ошондой эле компаниянын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустук филиалдарынын командалары катышты.
Быйыл спорттук иш-чарага чакырылган командалар катары «Кыргыз почтасы» ААК жана «Ростелеком» КААК да катышты.
Үч күн бою командалар спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, жеңишке болгон умтулуусун, ынтымагын жана командалык духун көрсөтүштү. Спартакиада спорттук атаандаштык үчүн гана эмес, кызматкерлер менен өнөктөштөрдүн ортосундагы кесиптик жана достук байланыштарды бекемдөө үчүн да маанилүү аянтча болду.
Мелдештердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталды. Мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар сыйлыктар менен белгиленди.
«Кыргызтелеком» ААК XXVII Республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин куттуктайт жана бардык командаларга активдүү катышкандыгы, татыктуу спорттук таймашы жана компаниянын корпоративдик салттарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.
Жыл сайын өткөрүлүүчү Республикалык спартакиада «Кыргызтелеком» ААКтын көп жылдык корпоративдик салттарынын бири болуп саналат. Ал сергек жашоо образын жайылтууга, командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана корпоративдик маданиятты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




