«Кыргызтелеком» ААКнын башкы директору Н.С. Мадаминов Талас облусуна иш сапары менен барып, анын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык түзүмдөрдүн жетекчилери жана компаниянын филиалдарынын кызматкерлери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байжигитов менен жолугушуу өттү. Тараптар кызматташтыктын келечегин жана облустун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк Өтмөк ашуусун байланыш менен камсыз кылууга, ошондой эле эс алуу жайларын, атап айтканда «Беш-Таш» улуттук паркын санариптештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул демилгени ишке ашыруу аймактын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп, татаал жол тилкелеринде байланышта калууга мүмкүнчүлүк берет.





Жолугушууда «Коопсуз аймак» долбоорун ишке ашырууга, санариптик теңсиздикти кыскартууга, «Таза асман» долбооруна, эс алуу жайларына санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын имараттарындагы локалдык тармактарды курууга, жаңылоого жана техникалык жактан тейлөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапардын жүрүшүндө башкы директор Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кырдаалдык борборуна да барып, башкармалыктын башчысынын орун басары Азамат Садырбаев менен жолугушту. Анда видеокөзөмөл камераларын байланыш каналдары менен камсыз кылуу жана ички иштер органдарынын объектилерин санариптештирүү багытында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, «Кыргызтелеком» ААКнын Талас филиалынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Филиалдын жамааты менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушууларда учурдагы милдеттер, өнүгүүнүн келечектүү багыттары жана аймактык санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырууга катышуу маселелери каралды. Башкы директор ошондой эле Айтматов жана Бакай-Ата райондорундагы компаниянын райондук бөлүмдөрүнө барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, телекоммуникациялык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Ошондой эле Н.С. Мадаминов РПО РМТРдин Талас филиалына барып, РПО РМТРдин башкы директору А.Т. Жолоров жана филиалдын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда санариптик телекөрсөтүүнү өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги негизги темалардан болду.
Иш сапардын жыйынтыгында аймактык мамлекеттик органдар менен кызматташуунун жана компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. «Кыргызтелеком» ААК Талас облусунда телекоммуникациялык инфраструктураны модернизациялоо, заманбап байланыш кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантат.




