«Кыргызтелеком» ААКтын башкы директору Н.С. Мадаминов Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактарды санариптештирүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ислам Увайдиллаевич Увайдиллаев, Ош облусунда ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Батырбекович Кенжебаев, Баткен облусунда ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Тойчиевич Рахимов менен жолугушуулар болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААК аймактардын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорун жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Тараптар аймактык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун келечегин жана мындан аркы кызматташуунун механизмдерин талкуулашты.
Атап айтканда, «Коопсуз аймак», санариптик теңсиздикти жоюу, «Таза асман», эс алуу жайларын санариптештирүү, ошондой эле локалдык тармактарды куруу, модернизациялоо жана техникалык тейлөө боюнча долбоорлор талкууланды.
Иш сапардын өзүнчө бөлүгү «Кыргызтелеком» ААКтын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө арналды. Башкы директор облустук филиалдардын жамааттары менен жумушчу сессияларды өткөрүп, анда учурдагы милдеттер, инфраструктураны өнүктүрүү перспективалары, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ар бир аймактын муктаждыктарын эске алуу менен жаңы санариптик долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында филиалдардын мындан аркы ишинин негизги багыттары жана санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырууда жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.
Ошондой эле, бул жумушчу сапардын алкагында «Кыргызтелеком» ААКтын башкы директору Ош шаарында жайгашкан Ички иштер башкармалыгынын Түштүк бөлүмүнүн Кырдаалдык борборунун жетекчилиги менен жолугушту.
Анда көзөмөл камералары менен домофон системаларын башкарууга жана мониторинг жүргүзүүгө багытталган жаңы долбоорду байланыш менен камсыздоо маселелери талкууланды.




Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Н.С. Мадаминов алыскы Зардалы айылына да барып, айылда санариптик телекөрсөтүүнүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган РПО РМТР бөлүмүнүн иши менен таанышты.
Өзгөчө көңүл жетүүгө кыйын аймактардагы телекоммуникациялык инфраструктуранын туруктуу иштешине, ошондой эле алыскы калктуу конуштардын тургундарын заманбап байланыш кызматтары жана маалыматка жеткиликтүүлүк менен камсыз кылууга бурулду. Мындай объектилердин иштеши аймактар ортосундагы санариптик ажырымды кыскартууда жана жарандардын жашаган жерине карабастан санариптик кызматтарга тең жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Зардалы айылынын башчысы менен калктуу конушту санариптештирүү, тагыраагы, 84 турак жай участогунан турган жаңы конушту жогорку ылдамдыктагы интернет жана санариптик телекөрсөтүү кызматтары менен камсыздоо маселеси боюнча жолугушуу өттү.
Бул жаңы конушту санариптештирүү демилгеси Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Тойчиевич Рахимовго таандык.
Ошондой эле, ачык асман алдындагы палеонтологиялык музей жайгашкан Мадыген геопаркында да текшерүү иштери жүргүзүлдү. Келечекте ал жерге оптикалык-булалуу кабелдерди тартуу жана Wi-Fi зоналарын уюштуруу пландалууда.

«Кыргызтелеком» ААК Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында телекоммуникациялык жана санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлордун алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууну жана өзүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантат.




