Кыргызтелеком ААКда акционерлердин жылдык жыйыны өтүп, анда компаниянын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, негизги финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр каралды.
Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча Кыргызтелеком ААКнын консолидацияланган кирешеси 2 млрд 542,6 млн сомду түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9%га жогору. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча таза консолидацияланган пайда 42 млн сомду түздү.
Компаниянын киреше түзүмүндө негизги үлүштү интернетке жетүү жана IPTV кызматтары түзөт — жалпы кирешенин 57%. Дагы 15% салттуу байланыш кызматтарына, анын ичинде жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык телефон байланышы кызматтарына туура келет.
Фиксирленген телефон байланыш рыногу суроо-талаптын туруктуу төмөндөшүнүн таасирин улантууда. Бул мобилдик байланыштын жеткиликтүүлүгүнүн жогору болушу жана атаандаштыктын күчөшү менен байланыштуу. Ошол эле учурда, 2025-жылы фиксирленген байланыштан түшкөн кирешенин төмөндөө темпи 2024-жылга салыштырмалуу 6%га чейин жайлатылды. Буга чейин жыл сайын төмөндөө 9–10% түзүп келген.
Отчеттук мезгилде компаниянын социалдык саясатына өзгөчө көңүл бурулду. Кызматкерлердин орточо эмгек акысы 2024-жылдагы 34,9 миң сомдон 2025-жылы 41,1 миң сомго чейин өстү. Мындан тышкары, Кыргызтелеком ААКнын уставдык капиталы 2023-жылдагы 620 млн сомдон 2025-жылы 1 млрд 323,4 млн сомго чейин көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын бюджет түзүүчү уюмдарынын бири катары Кыргызтелеком ААК өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошууну улантууда. Отчеттун маалыматына ылайык, компания мамлекеттик бюджетке 745 млн сом которгон.
Жылдык жыйында каралган жыйынтыктар Кыргызтелеком ААКнын туруктуу ишин, телекоммуникация кызматтары рыногундагы негизги позицияларын сактап жатканын жана тармактагы өзгөрүүлөргө ырааттуу түрдө ыңгайлашып жатканын тастыктайт.




