«Кыргызтелеком» ААКсы 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий техникалык өнөктөшү болот. Компания 2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен тиешелүү кызматташтык келишимине кол койду.
Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева жана «Кыргызтелеком» ААКсынын коммерциялык директору Улугбек Ахметов катышты.
Бул өнөктөштүктүн алкагында улуттук оператор иш-чара өтүүчү негизги жайларда телекоммуникациялык инфраструктураны орнотуп, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын камсыздайт. Иштелип жаткан техникалык чечимдер уюштуруу комитети, катышуучулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана көрүүчүлөр үчүн туруктуу байланышты камсыз кылат.
Бул масштабдуу эл аралык демилгени колдоо өлкөнүн санариптик инфраструктурасын бекемдөөгө жардам берет жана дүйнөлүк деңгээлдеги түз эфирди жана реалдуу убакытта окуяларды чагылдырууга мүмкүндүк берет.




