«Кыргызтелеком» ААК абоненттерди маалымдайт: жолдорду оңдоо жана куруу иштерине байланыштуу мезгил-мезгили менен байланыш линиялары үзүлүп, интернет кызматтарынын көрсөтүлүшүндө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Компаниянын адистери зыяндарды жоюу жана туруктуу байланышты калыбына келтирүү үчүн ыкчам түрдө жерине чыгышат. Биз үчүн кардарлардын ар дайым байланышта болушу абдан маанилүү, ошондуктан ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз.
Интернет байланышы боюнча көйгөйлөр жаралган учурда 1812 номуру боюнча ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөбүз.
«Кыргызтелеком» ААК убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет.