Бүгүн, 20 апрелде “Кыргызтелеком” ААКтын жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыктын алкагыда Пригородное айылдык аймагынын Островский көчөсүнүнөн баштап, Гагарин көчөсүнө чейин тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш чаранын алкагында таштандыларды чогултуу, көчөлөрдү, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Эстетип кетсек, “Кыргызтелеком” ААК аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларга туруктуу негизде катышат.