1-июнь күнү Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин түзүлгөнүнө туура 2 жыл болот. Бул күндүн урматына министирликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бѳлүмдѳрүнүн, ошондой эле, акционердик коомдорунун кызматкерлеринин арасында Спартакиада өткөрүлдү.
Мелдештин жүрүшүндө, катышуучулар мини-футбол жана волейбол спорт оюндары боюнча ат салышты. Жыйынтыгында «Кыргызтелеком» ААКнун кызматкерлери:
- 1-орун: айымдар арасында волейбол оюну боюнча грамота жана кубок менен сыйланып, Дарья Последова “Эң мыкты оюнчу” наамын алды;
- 1-орун: мырзалар арасында мини-футбол оюну боюнча грамота жана кубок менен сыйланып, Руслан Эркинбек уулу “Эң мыкты чабуулчу” наамына ээ болду.
Спартакиада КРнын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулду.