«Кыргызтелеком» ААК Digital CASA — Кыргыз Республикасы долбоору боюнча бардык иштер ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө билдирет. Долбоорду ишке ашыруучу агенттик – Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
Долбоор 3000 кмден ашык була-оптикалык байланыш линияларын тартууну камтыды, бул баштапкы болжолдоодон ашып кетти.
Келишимде көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик социалдык объектилер, анын ичинде мектептер, медпункттар, китепканалар, маданият үйлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулду. Алардын бардыгы жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кызмат азыр тесттик режимде иштеп жатат.
Бардыгы болуп 4000ге жакын социалдык объектилер жакынкы 7 жылда бир кыйла ыңгайлуу тарифтер менен жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулду. 30дан ашык түйүн элементтерин камтыган жаңы магистралдык транспорт тармагы 200 Гбит/с ылдамдык менен өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. 100 Гбит/с ылдамдыктагы бөлүштүрүү тармагы мурда була-оптикалык байланыш линиялары аркылуу кеңири тилкелүү маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон 200дөн ашык калктуу пункттарды камтыйт. Долбоордун алкагында өлкөнүн региондук санариптик интеграциясын андан ары өнүктүрүү максатында Казакстан жана Өзбекстан менен эки жаңы чек ара байланышы түзүлдү.
«Кыргызтелеком» ААКтын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү пландарына өлкөнүн дээрлик бардык булуң-бурчтарында жарандардын мамлекеттик санариптик кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу каралган.
Digital CASA – Kyrgyz Republic долбоорун ишке ашыруунун аркасында өлкө жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө салым кошкон санариптик инфраструктураны өнүктүрүүдө олуттуу кадам жасады.
Долбоордун жарандар жана мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктары:
— Өлкөнүн бардык аймактарынын жашоочулары үчүн жогорку ылдамдыктагы жана ишенимдүү интернет менен камсыз кылуу
— мамлекеттик социалдык объектилерди заманбап була-оптикалык байланыш линиясынын инфраструктурасына кошуу аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу
— шаар менен айылдын ортосундагы санариптик ажырымды кыскартуу
— санариптик сабаттуулуктун деңгээлин жана билим берүү жана маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын байланыш операторлору үчүн “Digital CASA-Kyrgyz Republic” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүнүн баасын көрө аласыз:
— Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында байланыш каналдарын ижарага берүү
— Хостинг (сайтты же башка мазмунду серверге жайгаштыруу кызматы)
— Co-location (сайтка физикалык серверди жайгаштыруу кызматы, коопсуздуктун жогорулатылган деңгээли, жайды кондиционерлөө)