«Кыргызтелеком» ААК 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча компания негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын көрсөттү.
«Кыргызтелеком» ААКтын консолидацияланган кирешеси 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18%га өстү.
Отчеттук мезгилде консолидацияланган чыгашалардын өсүшү 10%ды түздү. Чыгашалардын негизги өсүшү товардык-материалдык запастарды сатып алууга, ошондой эле компания кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга байланыштуу эмгек акы фондунун көбөйүшүнө туура келди.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызтелеком» ААК отчеттук мезгилди оң финансылык жыйынтык жана таза пайда менен аяктады.
«Кыргызтелеком» ААКтын кирешелеринин түзүмүндө Интернет тармагына жеткиликтүүлүк жана IPTV кызматтары негизги орунду ээлейт — алардын үлүшүнө компаниянын жалпы кирешесинин 54%ы туура келет.
Жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык телефон байланыш кызматтарын камтыган салттуу байланыш кызматтарынан түшкөн кирешелердин үлүшү 12%ды түзөт.
Мобилдик технологиялардын өнүгүшүнүн фонунда туруктуу телефон байланыш рыногу өзгөрүүнү улантууда. Абоненттик базанын кыскаруу тенденциясына карабастан, туруктуу байланыш кызматтары компаниянын ишмердүүлүгүнүн түзүмүндө маанилүү ордун сактап калууда.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кыргызтелеком» ААК Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын өнүктүрүү жана абоненттерди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иштерди улантты.
Бул багыттын алкагында компания Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын кошуу үчүн зарыл болгон материалдарды жана жабдууларды өз убагында сатып алууну камсыз кылды.
Жеке жактар үчүн тарифтик пландарды оптималдаштыруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү пакеттик сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштер улантылды.
Компания ошондой эле Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын көрсөтүү боюнча конкурстук сатып алууларга активдүү катышып, корпоративдик кардарлар менен кызматташууну бекемдөө, анын ичинде кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди улантты.
Компаниянын кирешелеринин түзүмүндө 29% башка операциялык ишмердүүлүккө туура келет. Бул багыт долбоорлорду ишке ашыруудан, имараттарды жана антенна-мачталык курулмаларды ижарага берүүдөн, товардык-материалдык запастарды, коммуналдык кызматтарды сатуудан жана башка операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелерди камтыйт.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызтелеком» ААК телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү, Интернет тармагына жеткиликтүүлүк кызматтарын өркүндөтүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.




