Кабелдик канализацияны колдонууну иретке келтирүү жана инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, «Кыргызтелеком» ААК төмөндөгүлөрдү милдеттүү түрдө салыштырып текшерүү зарылдыгына сиздердин көңүлүңүздөрдү бурат:
- «Кыргызтелеком» ААКтын филиалдары менен түзүлгөн кабелдик канализацияны ижарага алуу келишимдерин
- «Кыргызтелеком» ААКтын инфраструктурасында иш жүзүндө жайгаштырылган байланыш кабелдерин
Текшерүү учурунда маркаланбаган жана кимге таандык экендиги белгисиз болгон көп сандагы кабелдер аныкталууда. Техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жана инфраструктураны натыйжалуу башкаруу максатында, идентификацияланбаган жана жайгаштыруу укугу тастыкталбаган бардык кабелдер ээсиз катары эсептелет жана кошумча эскертүүсүз демонтаждалат.
Сиздерден кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөрдү суранабыз:
- «Кыргызтелеком» ААКтын филиалдары менен салыштырып текшерүү жүргүзүүнү
- Сиздерге таандык болгон бардык кабелдердин маркаланышын камсыз кылууну
- Тастыктоочу документтерди (ТШ, келишимдер, актылар, схемалар ж.б.) көрсөтүүнү
Пайда болгон суроолорду ыкчам талкуулоо үчүн «Кыргызтелеком» ААКтын кызматкерлери менен байланышууну суранабыз.
Байланыш үчүн: ТКБ (ЭТО) секторунун жетекчиси Афанасьева Наталья Валерьевна, телефон: 0312 601 172.



