«Кыргызтелеком» ААК өлкө аймактарында санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча системалуу иштерин улантууда. Телекоммуникациялык тармакты жаңыртуунун алкагында компания Жалал-Абад облусунда жашоочулар үчүн жогорку ылдамдыктагы интернетке жана кабелдик телекөрсөтүүгө кошулуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти.
Отчеттук мезгил ичинде облус аймагында 800 кмге жакын оптикалык-була байланыш линиялары тартылды. Бул интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, анын ичинде интернет жана заманбап телекөрсөтүү кызматтарын жакшыртууга шарт түздү.
Социалдык мааниси жогору объекттерге өзгөчө көңүл бурулду. Жалпы 344 мамлекеттик социалдык объект — мектептер, бала бакчалар, фельдшердик-акушердик пункттар (ФАПтар) жана башка мекемелер жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулду. Мындай объекттерди туташтыруу билим берүү шарттарын жакшыртууга, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана жер-жерлерде санариптик сервистерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун ар бир тургуну, анын ичинде алыскы айылдардын жашоочулары да жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүккө ээ. Инфраструктуранын кеңейиши жаңы конуштарды да камтыйт: Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөр «Кыргызтелеком» ААКтын интернет кызматтары менен камсыздалууда.
Облус тургундары ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жыйынтыктарын оң баалап, интернеттин туруктуу иштеп, ылдамдыгы жогору экенин белгилешет. Ошондой эле кабелдик телекөрсөтүү 200дөн ашык каналга мүмкүнчүлүк берери айтылууда. Кызматтардын жеткиликтүү баасы да өзгөчө белгиленет: тарифтер атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, абоненттердин пикиринде, башка операторлорго салыштырмалуу кыйла төмөн жана бюджетке чоң күч келтирбейт.
«Кыргызтелеком» ААК тармакты мындан ары да өнүктүрүү жана кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерин улантат. Заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн ар бир жараны үчүн — жашаган жерине карабастан — жеткиликтүү болушу компаниянын негизги багыттарынын бири.




