2025-жылдын 12-ноябрынан 14-ноябрына чейин Ашхабад шаарында өткөн «ТүркмөнТЕЛ-2025» Эл аралык көргөзмө жана конференциясынын алкагында «Кыргызтелеком» ААК менен «Түркмөнтелеком» электр байланыш компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу ниети жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кол коюу аземине кыргыз тараптан «Кыргызтелеком» ААКтын башкы директору Нурлан Сабырович Мадаминов катышты.
Бул өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасын жана 2024-жылдын 25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйынынын Протоколунун 11-пунктун аткаруу максатында ишке ашырылды.
Меморандумга кол коюу эки өлкөнүн ведомстволорунун жана телекоммуникациялык операторлорунун ортосундагы биргелешкен иштин жана макулдашылган аракеттердин натыйжасы болду. Документти даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги активдүү катышты.
Кол коюлган Меморандумдун негизги максаты – тараптардын ортосундагы телекоммуникация тармагындагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык байланышты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана инновациялык санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.
Бул документке кол коюу Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу жана санариптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.




