«Кыргызтелеком» ААКтын кезексиз акционерлер жыйынында компаниянын уставдык капиталын 1 240 017 200 сомдон 1 323 451 618,24 сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды.
Бул чечим компаниянын финансылык туруктуулугун чыңдоого жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Уставдык капиталдын көбөйтүлүшү «Кыргызтелекомго» өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча багытын улантууга мүмкүндүк берет.
«Кыргызтелеком» ААК калкка жана бизнеске көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча системалуу иш алып барууда.