«Кыргызтелеком» ААК Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылын жогорку ылдамдыктагы интернетке кошуу иштерин аяктады. Долбоордун алкагында 9 чакырымдык була-оптикалык кабель тартылып, айыл тургундары менен мамлекеттик мекемелер заманбап санариптик кызматтарга жеткиликтүү болушту.
Кошуу иштери «Digital CASA-KР» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Кыргызстандын региондорунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Эми Кум-Арыктын тургундары, мектептери, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик органдары туруктуу жана жеткиликтүү интернетке ээ болушту. Бул долбоордун ишке ашырылышы компаниянын стратегиялык милдетинин бир бөлүгү болуп саналат — шаар менен айылдын ортосундагы санариптик ажырымды азайтуу. «Кыргызтелеком» ААК өлкө боюнча билим берүүнү, бизнести жана мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү үчүн тең шарттарды түзүү максатында түйүндү кеңейтип, заманбап байланыш технологияларын киргизүүнү улантууда.
.