«Кыргызтелеком» ААК жаңыланган https://kt.kg сайтында жаңы функция ишке киргенин билдирет — эми байланыш кызматтары үчүн төлөмдү QR-код аркылуу оңой жана тез жүргүзүүгө болот.
Башкы беттеги «Баланс текшерүү» бөлүмүндө эсеп номери киргизилгенде динамикалык QR-код автоматтык түрдө түзүлөт. Ага курсорду алып барганда төлөнө турган сумма көрсөтүлөт. Бул функция смартфон аркылуу бир тийүү менен төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле, «Абоненттерге» → «Кызматтарды төлөө» бөлүмүндө статикалык QR-код жайгаштырылган. Аны сканерлөө менен төлөм формасы ачылат, анда колдонуучу эсеп номерин жана төлөнө турган сумманы көрсөтө алат — бул телефония жана интернет кызматтары үчүн да колдонулат.
Жаңы функция төлөм процессин жеңилдетет жана компаниянын бардык абоненттери үчүн суткасына 24 саат жеткиликтүү.