2025-жылдын 25-июлунда «Кыргызтелеком» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны бетме-бет добуш берүү формасында өттү. Жыйынга добуш берүү укугуна ээ болгон акциялардын 99,99%дан ашыгына ээ акционерлер катышып, кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу деп табылды.
Жыйында акционерлер төмөнкү негизги маселелерди карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты:
- Күндүн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсеп комиссиясы шайланды.
- Компаниянын уставдык капиталы көбөйтүлдү, бул чечим компаниянын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
- «Кыргызтелеком» ААКнын Уставынын жаңы редакциясы бекитилди, анда уставдык капиталды көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр камтылган.
- 2025-жылга карата компаниянын бюджети бекитилди, анда телекоммуникациялык инфраструктураны модернизациялоо жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылган.
Бул чечимдер «Кыргызтелеком» ААКнын туруктуу өсүшүн камсыздоого жана санариптик трансформация шарттарында ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.