“Кыргызтелеком” ААКы иш билги адис Салимбаев Илья Ахметжановичтин 52 жашында дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдирет.
Илья Ахметжанович 1972-жылы 14-июлда Кыргызстандын Ош шаарында туулган. 1996-жылы Сибирь мамлекеттик геодезиялык академиясын оптоэлектрондук түзүлүштөр жана системалар адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолу «Кыргызтелекомдо» башталып, инженерден вице-президент-коммерциялык директорлукка чейин жеткен. Иштеген жылдарында Илья Ахметжанович өзүн техникалык жактан компетенттүү адис катары көрсөттү, ар дайым өзүнүн билимин жана чеберчилигин жогорулатууга умтулуп, кесиптештерине алардын профессионалдык өсүшүнө жардам берип келген.
Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармагын модернизациялоо боюнча ири долбоорлорго катышып, чоң салымын кошкон. Кесиптештери жана компаниянын жетекчилиги ар дайым анын достук, салмактуулугун жана кесипкөйлүгүн белгилеп келген. Ал коллективде татыктуу урмат-сыйга ээ болуп, көпчүлүккө үлгү болгон.
Илья Ахметжановичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына «Кыргызтелеком» ААКтын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.