Май айында Кыргызстанда мобилдик жана стационардык интернеттин ылдамдыгы кыйла жакшырды. Бул Speedtest Global Index дүйнөлүк рейтингинен келип чыккан.
Апрель айына салыштырмалуу Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы рейтингинде 16 позицияга көтөрүлүп, 74-орунга чыкты. Орточо жүктөө ылдамдыгы 37,21 Мбит/сек түздү.
Туруктуу интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан 89-орунду ээлеп, апрель айына салыштырмалуу алты позицияга жогорулады. Орточо жүктөө ылдамдыгы 65,26 Мбит/сек түздү.
Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасында стационардык интернетти жүктөөнүн орточо ылдамдыгы 54,55 Мбит/сек түздү.