30-31-май күндөрү «Кыргызтелеком» ААКсы «Борбор Азиядагы аялдардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугу» тренингине катышты. Бул маанилүү иш-чара санариптик алдамчылык, санариптик зомбулук жана онлайн коопсуздукка багытталган.
Тренингде Казакстан менен Кыргызстандын жогорку квалификациялуу тренерлери сөз сүйлөп, билим жана тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Алар санариптик алдамчылыктын жана кыянаттыктын ар кандай ыкмалары, ошондой эле аларды алдын алуу жолдору тууралуу кеңири айтып беришти.
Биз бардык колдонуучулар үчүн коопсуз санариптик мейкиндикти түзүүгө жана өзгөчө интернет чөйрөсүндө аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого умтулабыз Андыктан, жакынкы арада бул тренингдин жүрүшүндө алынган пайдалуу кеңештер жана сунуштар менен бөлүшөбүз.




