2024-жылдын 17-апрелинде «Кыргызтелеком» ААК Ош шаарында санариптештирүү боюнча аймактык форумга катышты. Иш-чаранын негизги максаты – санариптештирүү багытында мамлекеттик жана жеке компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жаштарга маалымат берүү. Форумга шаардык ЖОЖдордун студенттери, жаштар уюмдарынын мүчөлөрү, ЖОЖдун окутуучулары жана IT жана санариптик технологиялар боюнча билим алып жаткан студенттер катышты. Иш-чарада Ош филиалынын директору Болот Орузбаев да сөз сүйлөдү. Ал жалпысынан өлкөнүн өнүгүшүндө жана өзгөчө санариптештирүүдө жаштардын ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле «Кыргызтелеком» ААКнын ийгиликтерине токтолду.
«Биз «Санарип Түшүм», «Коопсуз шаар» сыяктуу бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз, ал эми Digital CASA-KR долбоорунун алкагында бизде Ош облусу боюнча 20 миңге чейин абонентти кошуу мүмкүнчүлүгү бар», – деди Орузбаев.