Жарандардын кызыкчылыктарына, чарба жүргүзүүчү субъектилердин өндүрүштүк ишмердигине, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнө жана коопсуздугуна зыян келтирүүгө байланыштуу болгон колдонуудагы байланыш линияларынын жана курулмаларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Кыргызтелеком» ААК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылат; юридикалык жана жеке жактар учурдагы байланыш линияларынын жанында жер казуу, тазалоо, айыл чарба жана башка жумуштарды жүргүзүүдө өтө этият болуп, макулдук алуу үчүн компания өкүлдөрүнө кайрылыңыз.
Ошондой эле байланыш линияларынын жана курулмаларынын коопсуздук зонасын байкоону жана «Кыргызтелеком» ААК өкүлүнүн катышуусусуз жана макулдугусуз бардык жумуштардын түрлөрүн аткарууда калдыктарды жана куурап калган жыгачтарды өрттөп жиберүү фактыларын болтурбооңузду суранабыз.
«Кыргызтелеком» ААК байланыш линияларынын жана курулмаларынын ишин үзгүлтүккө учураткан юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.
«Кыргызтелеком» ААК түзүмдөрдүн жана коммуникациялардын коопсуздугун камсыз кылууда сиздердин маалымдуулугуңуздарга жана түшүнүүгүңүзгө ишенет.
Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:
- 0312 662828
- 0888 662828