ААК “Кыргызтелеком” өлкөбүздүн эң кооз булуң -бурчтарында орнотулган панорамалык камералардын аркасында мекенибиздин кооздугунан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн эскертет. Учурда 15 камера орнотулуп, жакынкы аралыкта алардын санын көбөйтүүгө пландалууда.
Панорамалык камералар шаарларды, тоо кыркаларын, тарыхый эстеликтерди жана улуттук парктарды карап, укмуштуудай көрүнүштөрдү жогорку тактыкта камсыз кылуу үчүн орнотулган.
Бул долбоордун аркасында каалаган адам каалаган убакта эфирге кошулуп, Кыргызстандын кооздугун реалдуу убакыт режиминде көрө алат, ошондой эле камера жайгашкан жерден аба ырайы жана температура тууралуу акыркы маалыматтарды ала алат. Бул эс алууну пландаштарып жаткандар үчүн, ошондой эле үйдөн чыкпай эле биздин өлкөнүн креметтүү пейзаждарынан ырахат алууну каалагандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
ААК “Кыргызтелеком” Кыргызстандын кооз жерлерине жеткиликтүүлүктү бардыгы үчүн мүмкүн болушунча ачык жана ыңгайлуу кылууга умтулат. Бул долбоор Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга гана жардам бербестен, көптөгөн адамдарды кооз өлкөбүздүн изилденбеген маршруттары боюнча жаңы саякаттарга шыктандырат деп ишенебиз.
Панорамалык камералардан онлайн берүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн ААК “Кыргызтелеком” расмий сайтынан таба аласыз https://kt.kg/