“Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы эскертет!
Этият болгула жана бузукулардын алдамчылык аракеттерине алдырбагыла, анткени азыркы учурда жакын туугандарынын жол кырсыгы сыяктуу кырсыктарга байланыштуу телефон аркылуу алдамчылык фактылары көбөйдү, эгерде белгисиз адам телефон аркылуу акча талап кылса дароо 24 саат бою иштеген 102 номерине чалыңыз”.