2023-жылдын 1-декабрында «Кыргызтелеком» ААК концорциумдун лидери катары негизги подрядчы болуп саналган Digital CASA – КР долбоорунун биринчи компонентинин жетишкендиктери тууралуу презентация болуп өттү.
Иш-чара Нарын облусунун Кочкор районунун Арсы айылындагы Т.Сагымбаева атындагы мектебинде өттү.
Долбоордун алкагында “Кыргызтелеком” ААК өлкөдө бардык аймактарды сапаттуу интернет-байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп, негизги басым мектептер, ооруканалар сыяктуу социалдык объектилерди интернет менен камсыз кылууга болуп жатат.
Нарын облусунун Кочкор районунда 168 км 780 м аралыкка була- оптикалык кабель тартылып, натыйжада 39 социалдык объект, анын ичинде 14 мектеп интернетке туташтырылды. КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов “Кыргызстандын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналган Digital CASA – КР долбоору өлкөнүн алыскы райондорундагы интернеттин жеткиликтүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, билим берүү мекемелери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда”, – деп, белгилей кетти.
«Кыргызтелеком» ААКтын Нарын облустук филиалынын директору Рахат Толгоев белгилегендей, жакынкы арада социалдык объектилерден тышкары Кочкор районундагы Арсы айылынын тургундарын ылдам интернетке туташтыруу пландалууда.
«Кабелдер коюлуп бүттү, райондун жашоочуларынан туташтыруу боюнча көп сандагы кайрылуулар түшүп жатат. Жылдын аягына чейин алардын баары кошулат», – деди ал.
Нарын облусунун Кочкор районунда “Digital CASA – КР” долбоордун аякташы Кыргызстандын санариптик трансформациясындагы маанилүү кадам болуп саналат жана билим берүүнүн сапатын, ошондой эле жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга өбөлгө түзөт.