Телекоммуникация тармагынын лидери “Кыргызтелеком” ААК Бишкек менен Таласты байланыштырган резервдик була-оптикалык каналдын курулушу аяктагандыгын билдирет. Резервдик була каналы аймактагы интернетке жана телекоммуникациялык кызматтарга үзгүлтүксүз кирүүнү камсыз кылуунун негизги элементи болот. Магистралдык кабель үзүлгөн же бузулган учурда жаңы инфраструктура резервдик каналга автоматтык түрдө өтүүнү камсыздайт. Байланыш үзгүлтүктөрүн жоюп, Талас шаарынын тургундары жана ишканалары үчүн интернетке жетүү мүмкүнчүлүгүн сактап калат.
Бул каналдын курулушу “Кыргызтелеком” ААКтын Кыргызстандагы телекоммуникациялык кызматтардын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча глобалдык стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын жана сигналдын туруктуулугун камсыз кылуу менен заманбап технологияларды жана материалдарды колдонуу менен ишке ашырылган