Көп жылдык кызматташууну улантып, “Кыргызтелеком” ААК жетекчилиги “Мегафон” ЖАКтын улуттук долбоорлор боюнча директору, ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктүн директору болуп дайындалган Александр Колошин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жолдорун, атап айтканда, шаар чөйрөсүн жакшыртуу, транспорт жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар пилоттук санариптик чечимдерди биргелешип ишке ашырууну талкуулашты.
“Кыргызтелеком” улуттук оператор катары бардык керектүү инфраструктураны камсыздоого даяр экенин, ал эми “Мегафон” өз тарабынан Россиянын шаарларында мындай долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен программалык чечимдерди сунуштай турганын билдирди.
Мындан тышкары, тараптар B2B жана B2G секторлору үчүн санариптик чечимдер менен биргелешкен коммерциялык долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты.