11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада футбол боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул ири спорттук мелдеште тарыхта биринчи жолу 48 курама команда күч сынашып, күйөрмандар жалпы 104 кызыктуу беттешке күбө болушат.
Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи 11-июнь күнү саат 23:30да УТРК, УТРК Спорт, УТРК Маданият жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.
Ал эми чемпионаттын бардык беттештерин Кыргызтелеком IPTV кызматы аркылуу УТРК жана УТРК Спорт каналдарынан көрүүгө болот.
Күйөрмандар тайпалык баскычтагы оюндардын графигин алдын ала сактап алып, сүйүктүү командаларынын беттештерин өткөрүп жибербей көрө алышат.
IPTV кызматын туташтыруу үчүн байланыш номерлери:
- 1812
- 0997 00 18 12
- 0509 00 18 12
- 0778 00 18 12




