2026-жылдын 18-июнунда «Кыргызтелеком» ААК телекоммуникация, санариптик технологиялар жана телекоммуникациялык инфраструктура тармагындагы Түркиянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, заманбап байланыш тармактарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууну, санариптик чечимдерди киргизүүнү, телекоммуникациялык инфраструктураны куруу жана модернизациялоону, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, Кыргызстандын телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө багытталган келечектүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча диалогду улантууну макулдашышты.
«Кыргызтелеком» ААК байланыш кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташтыкты активдүү кеңейтүүнү, алдыңкы технологияларды жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды тартууну улантууда.




