F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААКсы иш-чаранын аймагында заманбап телекоммуникациялык инфраструктураны уюштуруп, катышуучуларды, уюштуруучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана конокторду жогорку ылдамдыктагы жана туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылды.
Санариптик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында компаниянын адистери байланыш үзүлбөстөн бир кирүү чекитинен экинчисине автоматтык түрдө өтүүчү (бесшовный) Wi-Fi тармагын жайылтышты. Түзүлгөн инфраструктура миңдеген түзмөктөрдү бир убакта туташтырууга мүмкүндүк берип, эң жогорку жүктөм мезгилинде да интернет байланышынын жогорку ылдамдыгын жана туруктуулугун камсыз кылды.
Тармактын ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, резервдик байланыш каналдары колдонулду. Бул жарыштардын түз эфирде үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн, ошондой эле телеметриялык маалыматтардын реалдуу убакыт режиминде кечигүүсүз берилишин камсыздады.
Жогорку ылдамдыктагы интернет чемпионаттын бардык негизги аймактарында, анын ичинде көрүүчүлөр трибунасында, пресс-борбордо, техникалык аймакта, VIP-зонада жана калыстар тобунун иш бөлмөлөрүндө жеткиликтүү болду. Натыйжада көрүүчүлөр жарыштын кызыктуу ирмемдерин түз эфирде бөлүшүп, социалдык тармактарга жайгаштыра алышты, журналисттер фото жана видеоматериалдарды редакцияларына ыкчам жөнөтүштү, ал эми уюштуруучулар бардык кызматтардын ишин натыйжалуу координациялап, керектүү маалыматтарды өз убагында алып турушту.
F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын телекоммуникациялык жактан ийгиликтүү камсыздоо «Кыргызтелеком» ААКсынын жогорку техникалык даярдыгын дагы бир жолу тастыктап, компаниянын Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү ири эл аралык иш-чаралардын улуттук байланыш оператору жана ишенимдүү технологиялык өнөктөшү катары макамын бекемдеди.




