Бишкектин борборунда жаңы светомузыкалык фонтандар пайда болду. Алар Абдрахманов көчөсү (мурдагы Советская) менен Чүй проспектисинин кесилишинде орнотулган.
Фонтандык комплекс заманбап композиция катары жасалып, динамикалык жарык берүү системасы менен жабдылган. Кечкисин суу агымдары түрдүү өңдөр менен жарыктанып, өзгөчө көрк берет.
Кыргызтелеком бул кооз жайды онлайн форматта көрүп, сулуулугуна күбө болууга чакырат!
Түз эфирди каалаган убакта 24/7 көрө аласыз:
– https://kt.kg/ → «Онлайн-камералар» бөлүмү
– Ошондой эле Кыргызтелеком IPTV аркылуу да жеткиликтүү.
Эске салсак:
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 24 онлайн-камера иштеп жатат. Алар туристтер үчүн да, жергиликтүү тургундар үчүн да — ыңгайлуулук, шыктандыруу тартуулап, мекенге болгон сүйүүнү күчөтүүдө!




