Телефония кызматы – бизнесиңиз жана үйүңүз үчүн ишенимдүү байланыш!
ААК "Кыргызтелеком" телефониясынын артыкчылыктары:
КЫЗМАТ ЖӨНҮНДӨ
Шаар жана эл аралык бүткүл дүйнө менен байланыш
Өнөктөштөр жана жеткирүүчүлөр менен дайыма байланышта болуу, рынокто эң жакшы баада мыкты сунушту берүү, кардарлар менен ар дайым жана бардык жерде байланышта болуп, аларга жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөтүү, дүйнөдөгү бардык окуялардан кабардар болуу, анткени мунун баары сиздин бизнесиңизге тиешелүү. Бизнесиңиздин ийгилиги бүткүл дүйнө менен жакшы түзүлгөн байланышты болжолдойт.
"Кыргызтелеком" компаниясы сиздин өнөктөшүңүз болуп, туруктуу жана сапаттуу алыскы жана эл аралык байланыш менен камсыз кылууга кубанычта.
Маанилүү ишкердик сүйлөшүүлөр үчүн жогорку сапаттагы салттуу телефонияны колдонуңуз же жөн гана сапатты баалап, телефон сүйлөшүүлөрүндөгү ызы-чууларды, тоскоолдуктарды жана үзүлүүлөрдү кабыл албагандыктан тандаңыз.
Сиз алдын ала заказсыз, каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстандагы же анын чегинен тышкаркы абонент менен телефон аркылуу байланыша аласыз. Алыскы жана эл аралык телефон байланыш кызматтарын автоматтык терүү (0 цифрасы аркылуу) же оператор аркылуу (заказдык телефон байланышы) колдонсо болот.
Автоматтык шаар жана эл аралык байланышты колдонуу тартиби:
Майрамдык күндөрү өнөктөштөрүңүздү, досторуңузду жана чет өлкөдөгү жакындарыңызды куттуктоо үчүн "Кыргызтелеком" компаниясынын алыскы жана эл аралык байланышын колдонуңуз!