«Кыргызтелеком» ААКнын имаратындагы мунара сааттарында убакытты көрсөтүү убактылуу токтоду. Анын себеби — жебелердин кыймыл механизминдеги табигый эскирүү: тиштүү дөңгөлөктүн тиштери жешилип, сааттын жүрүшү токтоп калган (сүрөттү караңыз).
Сааттын так жүрүшүн калыбына келтирүү үчүн тиешелүү техникалык параметрлери бар механизмди толугу менен алмаштыруу талап кылынат. Алмаштыруу иштерин эки циферблатка тең жүргүзүү пландалууда. Чүй проспекти тараптагы саатта да катуу эскирүү байкалган — азырынча иштеп жатат, бирок жаңылоого муктаж.
Учурда компания үч комплект механизм сатып алууну пландап жатат: экөө — циферблаттарга орнотуу үчүн, бири — камдык (резерв) үчүн.
«Кыргызтелеком» ААК керектүү тетиктер келгенден кийин оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт жана шаар тургундары менен конокторуна түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирет.




