«Кыргызтелеком» ААК жана «Казахтелеком» АК өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ тараптардын региондо эл аралык интернет байланыш хабын түзүү жана чек ара аралык санарип кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ниетин бекемдейт.
Меморандум төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- интернет-трафик алмашуу боюнча аймактык түйүндү (IX) түзүү,
- дүйнөлүк контентти локалдаштыруу жана Кыргызстандын ичинде жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу,
- телекоммуникациялык операторлор менен тармактык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү,
- заманбап хостинг аянтчаларын камсыз кылуу.
Мындан тышкары, тараптар маалыматтарды берүү боюнча эл аралык түз каналдарды өнүктүрүүгө, пиринг платформаларына түз жетүүнү камсыздоого жана Кытай–Европа/Борбор Азия багытында тармактардын өз ара аракетин жакшыртууга кызыкдар экенин билдиришти.
«Кыргызтелеком» ААКнын Административдик директору Бектен Джандаевдин айтымында, документке кол коюу өлкөнүн санариптик экосистемасын кеңейтүүгө жана интернет кызматтардын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө болот. «Казахтелеком» тараптан меморандумга Корпоративдик бизнес боюнча бөлүмдүн эл аралык келишимдер департаментинин директору Даурен Увалиев кол койду.
Бул меморандум укуктук милдеттенме жаратпайт, бирок техникалык кызматташтыкты жана санарип тармактагы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө негиз түзөт.