14-март күнү Кыргызтелекомдун кызматкерлери Бишкек шаарында өткөн жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты.
Компаниянын кызматкерлери Восток-5 кичи районундагы бекитилген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү: көчөлөрдү, тротуарларды жана арыктарды тазалап, пластик жана тиричилик калдыктарын чогултушту. Натыйжада аймак дагы да таза жана ыңгайлуу болду.
Кыргызтелеком шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып, таза жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө өз салымын активдүү кошуп келет. Компания экологияга кам көрүү — ар бир адамдын жоопкерчилиги экенине ишенет.
Ишембиликке катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз жана борбор калаанын тургундарын шаарды көрктөндүрүү демилгелерине активдүү кошулууга чакырабыз.




