Баткен облусунун эң алыскы айылдарынын бири болгон Зардалы айылына алгачкы жолу телекөрсөтүү тартылды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында «Кыргызтелеком» ААКнын туунду ишканасы – РПО РМТР айылга жер үстүндөгү санариптик телекөрсөтүүнү туташтыруу иштерин аткарды.
Зардалы – өлкөдөгү эң жетүүгө кыйын айылдардын бири. Ал тоолуу аймакта жайгашкан жана азыркы убакка чейин электр энергиясынын жоктугунан эфирдик телекөрсөтүү сигналына ээ болгон эмес. Айыл тургундарына санариптик телекөрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында РПО РМТРдин адистери заманбап станция куруп, күн панелдерин жана сигнал кабыл алуу жана берүүчү жабдууларды орнотушту.
Мунун аркасында эми айылдын тургундары өлкөнүн негизги телеканалдарын санариптик сапатта көрө алышат. Станциянын энергия менен камсыздалышы толугу менен автономдуу — күн батареяларынын эсебинен иштейт, бул объектти толук энергетикалык көзкарандысыз кылат.
Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ири иштердин бир бөлүгү болуп саналат.