Кыргыз Республикасында телекоммуникациянын өнүгүшү XIX кылымдан башталат...
1873
Верный шаарынын Түркестан телеграфтык бөлүмүнө тиешелүү, Пишпек шаарында, Кыргызстандагы биринчи телеграфтык станция иштей баштаган. Ал кездеги бардык почта жана телеграф мекемелери Россиянын Ички иштер министрлигинин ведомстволоруна кире турган. Телеграф байланышы негизинен мамлекеттик максатта гана пайланылчу. 1878ж. Токмок шаарынын ыңгайсыз географиялык абалда болгондугуна байланыштуу (негизги Чимкент-Верный жолунан алыстыгы) жана ыңгайсыз аба-ырайына байланыштуу (Токмок шаары сазда жайгашкан), уезддин борбору Пишпекке көчүрүлүп, ошол мезгилден баштап уезддик шаар болуп калган. 1878 жылы 29 апрелде Семиречье облусунун почта бөлүмүнүн башкаруучусу аскер губернаторунун буйругунун негизинде Токмок почта конторасын көчүрүүгө буйрук берилип, ошол жылдын 13-майында көчүрүлгөн. Почта конторасы Ташкент (Жибек-Жолу) көчөсүнүн түндүк жагында, Базарный жана Пушкин (Абдрахманов жана Эркиндик саябаны) №385-үйдө жайгашкан (ИИМдин Биринчи Май бөлүмү). Пишпек шаарынын почта-телеграф конторасынын экинчи имараты (1885-жылдан бери телеграфтык станциялар почта конторасы менен кошулгандан кийин ушундай деп аталып калган) Пушкин жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ал кезде Кыргызстандын аймагы Туркестандын 4 облусуна бөлүнгөн: Семиречье, Сырдарья, Фергана жана Самаркан облустарына кирген. Кыргызстандын түндүк аймагында Пишпек, Нарын жана Каракол почта станциялары болгон. Кыргызстан падышалык Россиянын чети болгондуктан почта жана телеграф мекемелер тармагы жай өсүп, жаңы байланыш бөлүмдөрү араңдан зорго ачыла баштаган. Чоң кедерги имараттын жоктугу болуп, жаңы бөлүмдөрдү ачуу үчүн жеке адамдардын үйлөрү жалданган.
1883
Облустагы 11 телеграфтык станцияда 46 киши иштөөчү.
1885
Ош шаарында телеграфтык байланыш ачылган.
1890
Үржар станциясынан Бахтыга чейин 100 чакырым келген аралыкка, 1303 тирөөч аркылуу жаңы телеграфтык линия курулган. Ошондуктан Бахтыдагы мурунку IV класстагы почта конторасы VI класстагы почта-телеграф станциясы болуп кайра түзүлүп, отчеттук жылда облуст юоюнча 19 почта-телеграф мекемеге жеткен. Алардын ичинде 8 (сегиз): Верненское (III кл.), Жаркентская жана Кулжинская (V кл.), Копальская, Пишпекская, Сергиопольская, Царицынская жана Бахтинская (VI кл.) почта-телеграф конторалары, 6 (алты): Борохудзирское, Илийское, Лепсинское, Мало-Аягузское, Отарское жана Урджарское почта-телеграф бөлүмдөрү болгон. Облуста 3 телеграф чубалгысы, 22 аппарат, 983 элемент болгон. 1892ж. Отчет берилген жылда 19 почта-телеграф мекемелери, анын ичинен 8 почта-телеграф конторасы болгон: Верненская, Джаркентская, Кульджинская, Бахтинская, Копальская, Пишпекская, Сергиопольская, Царицынская. Ушул эле жылда 5 почта-телеграф бөлүмү иштеген: Лепсинское, Мало-Аягузское, Урджарское, Отарское, Илийское. 2 почта конторасы болгон: Лепсинская (гор.), Пржевальская. 4 почта-телеграф бөлүмү: Борохудзирское, Нарынское, Саркандское жана Токмакское иштеген. 22 аппарат, 933 элемент.
1900
Токмок-Прежевальск багытында телеграф байланышы уюштурулган.
1905
Гүлчөдө телеграф конторасы уюштурулган.
1911
Пишпек шаарында 5 Морзе аппараты болгон. Верный, Прежевальск, Жамбыл, Беловодск, Токмак шаарлары менен телеграф байланышы уюштурулган.
1912
Нарын шаарында телеграф байланышы түзүлгөн.
1915
Пишпек-Ташкент багыты боюнча Юза аппараты аркылуу, Верный шаарына кирбеген, кезектеп иштөөчү аппарат орнотулган; Морзе аппараттары жаңы Клопфер аппараттары менен алмашылган; Гүлчө-Иркештам телефондук байланышы түзүлгөн. Пишпекте Октябрь Социалисттик Революциясына чейин 13 абоненти бар 20 номурлуу телефон станциясы болгон. 19- кылымдын аягында Семиреченский облусунда уюшулган почта-телеграф мекемелеринин саны1882-жылдан 1917-жылга чейин дээрлик өзгөргөн эмес. Кыргызстандагы байланыштын андан-ары өнүгүүсү революциядан кийин өргүгөн. Республикада байланыш тармагы жай өнүккөн. 1921-жылдын апрелине Пишпек конторасында болгону (1885-жылдагыдай эле) 19 почта конторасы жана бөлүмдөрү болгон. Республикадагы байланыш тармагынын кийинки мезгилдеги тез өсүүсү 1926-жылдан 1940-жылдарга чейин тура келет, ошол убакта байланыш тармагын өнүктүрүүгө 20 млн. рубль бөлүнүп, байланыш ишканаларынын саны 27 эсе өскөн. Телефон-телеграф чубалгыларынын узундугу 3353 км түзгөн. Эгерде 1924-жылы 40 номурлуу 2 телефон станциясы ишке берилген болсо, 1934-жылы алардын саны 19га жеткен. Республикада телефон-телеграф байланышын уюштуруу боюнча алгачкы кадамдар Фрунзе, Ош, Прежевальск, Рыбачье, Джалал-Абад, Нарын шаарларындагы чакан телефон станцияларынын пайда болушу менен 30-жылдары башталган. Байланыштын өнүгүү тарыхында радиорелейдик линиялар жана телекөрсөтүү өзгөчө орунду ээлейт. Республикабыздын тоолуу шарты радиорелейдик байланыш линияларынын өнүгүү боюнча өзгөчөлүгүн аныкталган. Түзүлгөн радиорелейдик байланыш тармагы бүткүл республикада жана анын чегинен сырткары эл аралык жана шаар аралык телефон каналдарын түзүүнүн негизи болуп, ал телепрограммаларды өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк берди.
1934
Кыска толкундагы радио станция курулуп жана Ташкент шаары менен, андан кийин Ош, Пржевальск, Жалал-Абад жана Нарын шаарлары менен телефон байланышы түзүлгөн.
1936
Почта-телеграф конторасынан телеграф, телефон бөлүнүп чыгарылып, телеграф-телефон станциялары уюшулат.
1938
Москва шаары менен телеграф байланышы ишке кирген. Алгачкы шаар аралык байланыш бөлүмдөрү ачылган.
1941
Улуу Ата-Мекендик согуш башталып, байланыш тармагын өнүгүүсү, согуш аяктаганга чейин убактылуу токтотулат. Тармакты өнүктүрүү Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин улантылган. Союзда биздин республика согуштан кийинки алгачкы жылдарда ультра кыска толкундагы радиобайланыштын жаңы түрүн өздөштүрүү боюнча жолбашчы болуп, кийин радиостанциялардын чынжырча иштөө принцибин колдонгон радиорелейдик байланышты пайдаланган. Башында радиорелейдик байланыш бир нече телефондук каналдарды уюштурууга колдонсо, 50-жылдардын ортосунда бир эле убакта 120 телефондук каналды же түзсүз телекөрсөтүүнү берүүнү камсыз кылган биринчи радиорелейдик тутумдар курулган.
1946
Ананьев К.Н. башында турган энтузиаст-байланышчылардын тайпасы Кыргыз жана Фергана кырка тоолорунун аралыгындагы пункттар менен, Полтавка айылы (Чүй өрөөнү) – Жалал-Абад шаары трассасында түз радиобайланышты уюштуруунун мүмкүнчүлүгүн далилдешкен. Биринчи радиорелейдик линияларды куруу жана ишке киргизүү Республикалык радиоборбор тарабынан жасалган, кийинчерээк 1958-ж. бул ишкана Кыргыз Республикасынын байланыш министрлигинин радиорелейдик магистралдар жана телекөрсөтүү башкармалыгы болуп түзүлгөн. 50-жылдары телеграф байланышын автоматташтыруу башталган.
1954
Фрунзе шаарында республикада биринчи болуп чакан сыйымдуулуктагы автоматтык телефон станциясы ишке киргизилген. Станциянын ишке кириши менен республикада электр байланыш каражаттарынын интенсивдүү өнүгүшү башталган
1955
Кыргыз Республикасынын байланыш министрлиги уюшулган.
1958
Фрунзе жана Москва шаарларынын ортосунда түз радиотелеграфтык байланыш түзүлгөн. 1959-1963 жж. Фрунзе-Пржевальск, Фрунзе-Нарын, Фрунзе-Талас багыттары боюнча ички республикалык байланыш тармактары ишке берилген. Фрунзе-Ташкент жана Алма-Ата шаарларына телекөрсөтүүнү уюштуруу үчүн алгачкы жолу телепрограмманы Ташкент-Фрунзе-Алмата РРЛ тармагы аркылуу алып берүүгө мүмкүндүк түзүлгөн, себеби ал кезде аталган шаарларда республикалык телеборборлор курулуп бүтүп калган болчу. Республикада РРЛди өнүктүрүүнүн бардык этаптарында, шаар аралык байланыш менен камсыз кылуу маселелери менен катар телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жаатындагы маселелер чечилди. 70-жылдардын башында республикада шаар аралык байланыштын негизги багыттары жана анын ичинде Орто Азия республикалар арасында телепрограммаларды алмашуу РРЛ аркылуу уюштурулган.
1964
Фрунзе шаарында СССРде 2-чи (1-чиси Москвада) автоматтык шаар аралык телефон станциясы курулуп, абоненттер телефонисткалардын жардамысыз эле башка шаарлар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мындай кошулууларга өлкө жана республиканын ичиндеги 47 шаар, аймак жана чоң шаарлар башка кирген: Москва, Ленинград, Рига, Ташкент, Алма-Ата.
1968
Фрунзеде түзсүз программаларды кабыл алуучу спутникалык «Орбита» телесистемасы ишке киргизилди.
1970
Өз алдынча ишканалар уюшулду: Фрунзе телеграфы, Республикалык шаар аралык телефон станциясы жана Фрунзе шаар телефон тармагы. Аталган ишканалардын жамааттары республикадагы электр байланышын өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан. . Шаар аралык телефон станциясын көп жылдар бою Гусева А.А. жетектеп келген, Фрунзе телеграфын Ризин Л.Л., андан кийин Есеналиев О.Е., Фрунзе шаар телефон тармагын Акименко С.Н. жетектеп келишкен.
1974
«Орбита» станциясы түстүү телекөрсөтүүнү кабыл алуу үчүн кайрадан курулду.
1978
Москва шаарынан борбордук гезиттерди кабыл алуучу «Газета-2» комплекси ишке киргизилген. Андан ары шаар жана айыл телефон тармактары өнүгүүгө багыт алды. Телефон тармагынын сыйымдуулугу 1980-жылдардын аягында 144 000 номур, анын ичинде Фрунзе шаары – 70 000 номурду түзгөн. Фрунзе шаардык телефон тармагы 6 сандуу номурга өткөрүлдү. Республикада оперативдүү документалдык байланыштын ыңгайлуу түрү болгон – абоненттик телеграф кенен өнүгө баштады. Кыргызстандын телеграфисттери телеграммаларды иштеттүү үчүн факсимилдик техниканы (фототелеграфия) ишке киргизүүнүн демилгечилери болушкан.
1987
«Орбита» станциясы аркылуу 60 каналдуу тутумдун негизинде Фрунзе-Москва багытында спутник аркылуу шаар аралык байланыш уюштурулуп өз ишин баштады.
1993
Кыргыз Республикасынын эгемендик алышы менен телекоммуникация инфраструктурасын андан-ары өнүктүрүү максатында 1993-ж. «Кыргызтелеком» мамлекеттик электр байланыш ишканасы уюштурулду. 1993ж. Биринчи Телекоммуникациялык Долбоордун башталышы. Бул долбоор Дүйнөлүк жана Европалык кайра куруу жана өнүгүү Банктары тарабынан каржыланып, мунун натыйжасында республикада санариптик телекоммуникация тармагын андан ары өнүктүрүү үчүн заманбапка ылайыкташкан структура түзүлгөн. Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагын түп тамырынан бери жаңылоо болгон.
1997
«Кыргызтелеком» мамлекеттик электр байланыш ишканасы толук кандуу башкаруунун максатында акционердик коом болуп кайрадан түзүлдү. 1997ж. Долбоордон башка, «КТ» ААКсы, Транс-Азия-Европа (ТАЕ) жипче-оптикалык байланыш линиясынын долбоорун ишке ашырууну пландаган. Долбоордун максаты оптика-жипче чубалгыларынын жардамы менен Азия жана Европа өлкөлөрү аркылуу өтө турган күчтүү заманбап байланыш чубалгысын куруу болгон. Батыштан чыгышка, Франкфурт-на –Майнеден (Германия) Шанхайга (Кытай) чейин курулган бул чубалгы, глобалдуу масштабда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн бермек. ТАЕни курууга катышкан 24 мамлекет, санариптик каналдардардын күчтүү түйүнү аркылуу байланыш курулду. «Жибек Жолу» аркылуу Кыргыз республикасы дүйнө жүзү менен маалымат алмашууга чыныгы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Андан кийин республика ичинде жаңылоонун экинчи этабы, Чүй облусун жана түштүк аймактарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүүчү ТАЕ курулушун бүткөрүү жана ишке киргизүү боюнча иштер башталды.
1998
Биринчи Телекоммуникациялык Долбоор аяктады. Долбоор алкагында жерде жайгашкан А стандартындагы спутниктик станция (контракт COMSAT, АКШнын америкалык фирмасы RSI менен түзүлдү), SDH түзүмүндө санариптик магистралдык радиорелейдик станциялар (NERA ASA, Норвегия), санариптик кошуучу станциялар (ERICSSON, Швеция), SDH түзүмүндөгү оптика-жипче (ВОЛС) байланыш чубалгылары жана кабелдик түзүлүштөр (HT CABLE, Израиль) камтылган санариптик телекоммуникациялык тармак түзүлдү. Жерде жайгашкан А стандартындагы спутниктик станция (параболалык антенна) сегиз өлкө менен: Япония, Кытай, Индия, Иран, Израиль, Германия, Англия жана Европа өлкөлөрүнүн тайпасы менен түздөн-түз байланышты камсыздады. 16 радиорелейдик станцияны камтыган, шакек түрүндө курчалган SDH-түзүмүндөгү санариптик радиорелейлик магистралы курулду. Бишкектеги жана облустук борборлордогу (Ош, Джалал-Абад, Нарын, Талас, Каракол жана Чолпон-Ата) аналогдук станциялардын сыйымдуулугун арттыруу үчүн жалпы сыйымдуулугу 50 миң санариптик телефон чубалгысын түзгөн ERICSSON фирмасынын AXE-10 станциясы ишке берилди. Азыркы учурда Бишкекте 3120 каналга эл аралык жана шаар аралык транзиттик станция (Gateway) жана 28 миң абоненттик чубалгыга эсептелген станциялар курулуп, эксплуатацияга берилди. Калган 22 миң абоненттик чубалгы аймактарга бөлүндү. Бишкекте бардык санариптик станцияларды бириктире турган узундугу 45 км болгон оптика-жипче кабель шакекче курулду түрүндө бириктирилген. Маалымат берүү ылдамдыка жетти 622 Мбит/с (STM-4 деңгээли, толкундун узундугу 1,3 мкм). 1998ж. «Кыргызтелеком» облустук борборлорду бириктире турган маалыматты пакеттеп берүүчү Frame Relay кызматын ишке киргизди. Бул ири жана орто ишкана-мекемелерге копоративдик тармакты түзүүгө мүмкүндүк берди. 1998ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамды кабыл алды. Анын максаты – байланыш жаатында мамлекеттин саясатын жүргүзүү жана Кыргыз Республикасында телекоммуникацияны андан ары өнүктүрүү, атаандаштыкты өрчүтүү үчүн жагымдуу чөйрө жаратуу жана байланыш тармагына инвестиция тартуу, ошондой эле байланыш операторлорунун жумушун тескөө болгон. 1998-жылдын июнунда Өкмөттүн токтому жана Жогорку Кеңеш бекиткен «Кыргызтелеком» ААКсын кайрадан уюштуруу, мамлекеттен бөлүү жана менчиктештирүү концепциясы» кабыл алынды.
1999
ТАЕ долбоорун ишке ашыруу үчүн, Корея Республикасынын Экономиканы өнүктүрүү фонду жана кооперациясы тарабынан каржыланып, Чүй облусунун телекоммуникация түзүмүн жаңылоо Долбоору иштей баштады. Корей долбоору, ТАЕ ВОЛС байланыш чубалгысы өткөн элдүү пункттардагы байланышты жаңылоону көздөгөн. Бишкек – Кант – Ивановка – Токмок - Кемин шаарларында оптика-жипче чубалгысынын курулушу, ТАЕ менен бирге республиканын түндүгүн жогорку сыйымдуулуктагы транспорт тармагын камсыз кылмак. Тармак облустун 80 элдүү пункттарын камсыздады. Тармакка кирүү үчүн, оптикалык тутумдан сырткары, кээ бир кыйынчылык туудурган жерлерде, радиорелейдик тутумдар пайдаланылды. Өлкөбүз байланышты уюштуруунун эл аралык принциптерине өттү, номурлаштыруунун жаңы перспективдүү планы ишке ашырылды. 1999ж. Араб экономикасынын өнүктүрүү Кувейт фонду тарабынан каржыланган Ош шаарын, Ош жана Баткен облустарынын телекоммуникация тармагын ишке ашыруу боюнча долбоор башталган. Долбоор Ош шаарынын 3000-жылдыгына арналган. Анын жыйынтыгында аймактын телекоммуникация базасын жаңыланган. Ошентип Ош шаарындагы кошуу станциясынын сыйымдуулугу 30 миң номурга жеткен.
2000
Ош шаарынын, Ош жана Баткен облустарынын телекоммуникация тармагын жаңылоо боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашты. Ошентип, аталган долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашышы, Кыргыз Республикасы үчүн чоң социалдык-экономикалык жана саясый мааниде болуп, өлкөнүн дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграцияланышына чыныгы мүмкүнчүлүк берди. Азыркы тапта КТ ААК тармагындагы эл аралык каналдардын саны дүйнөдө экономикасы өнүккөн элкөлөрдүн деңгээлине жана Кыргыз Республикасынын улам өсүп жаткан суроо талабына шайкеш келет. Бул жааттагы проблема жакынкы 10-15 жылга чечилди. Телекоммуникация инфраструктурасынын аякташы республикадагы информацияны транспорттоо тармагын 90% санариптештирүүгө жана кошулуу тармагын 25%га санариптештирүүгө алып келди. Биринчи жана экинчи телекоммуникациялык долбоорлорду активдүү жүзөгө ашыруучулар Тагаев А.Т., Кайыков О.Ж., Мамбеталиев М.М., Балбаков Б.Ш., Оконов М.О. ж. б. болгон.
2001
«Кыргызтелеком» компаниясы Интернет-провайдер статусун алды. Бул ага дүйнөлүк тармакка жеке пайдалануучулар менен катар, байланыш оператору катары кирүүгө мүмкүнчүлүк берди.
2002
HUAWEI (Кытай) компаниясы менен Интеллектуалдык байланыш жана ADSL кенен тилке тутумдарын жабдууга контракт түзүлдү. Долбоор алкагында Бишкек, Ош, Джалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында Интеллектуалдык тармак жабдуусу орнотулуп, Бишкек шаарында ADSL аркылуу тилке тутуму орнотулду. Азыркы кезде бардык жабдуулар тармакка кошулуп, иштеп жатышат.
- Интеллектуалдык тармактын «бекер коңгуроо» (0 800),
- «алдын-ала төлөнгөн карточка менен чалуу» (0 805),
- «кошумча төлөмү бар чалуу» (0 809),
- «теледобуш» (0 803) сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.
2003
2003-жылдын өзгөчөлүгү тармактын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, абоненттерди сапаттуу тейлөө, тармакты Кыргыз Республикасынын планына жана керектөөсүнө жараша өнүктүрүү эле. Техникалык база пландуу түрдө жаңыланган, жаңы объекттер ишке берилген, жаңы санариптик чубалгылар ишке киргизилгенден тарта жаңы кызматтар зонасы кеңейе баштады. Жергиликтүү телефон тармагындагы негизги телефондордун таза өсүүсү 2003-жылы 4 818 номурду түзгөн, анын ичинен санариптиги – 27 515 номур болгон. Монтаждалган жалпы сыйымдуулугу 502 634 номурду түзгөн, анын ичинен 184 127 санариптик номурлар. Компаниянын Бишкек шаарында Интернетке кошулуп кирүү кызматы жана телекөрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгү пайда болду. «Кыргызтелеком» – абоненттерге алдын-ала келишим түзбөй эле жана абоненттик төлөмдү алдын-ала төлөтпөй эле айдын аягында төлөнө турган дүйнөлүк тармактын ресурстарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере турган «Насыяга Интернет» жаңы кызматын ишке киргизди. Алдын-ала төлөө картасы «Кыргызстандагы жыл тандоо» конкурсундага «№1 телефон картасы» номинациясынын жеңүүчүсү болду. 2003-жылдын март айында Бишкек шаардык телефон тармагын жаңылоо жана моралдык жактан эскирген аналогдук станцияларды алмаштырылып, Бишкек шаарынын номурлук сыйымдуулугу 20 040 номурга кеңейтилди. . Көрсөтүлгөн кзыматтардын сапатын жакшыртуу максатында, санариптик кошуучу станцияларды жабдуучу - бир катар фирмалар менен келишимдер түзүлдү.
2005
Өлкөнүн бардык аймактарында аналогдук станцияларды жаңы заманбап кошуучу станцияларга алмашуу иштери жүргүзүлдү. Монтаждалган станциялардын жалпы сыйымдуулугу 512 998 номурду түзүп, санариптештирүү деңгээли 40,6%ке көбөйдү. Абоненттердин саны 420 миңге жетти. Бул жылы 170 678 абонент жаңы заманбап кошуучу санариптик тутумдарга кошулду. «Кыргызтелеком» ААКсы рыноктогу ордун бекемдеш үчүн, көрсөтүлгөн кызматтардын пакетин кеңейтип, активдүү маркетинг, жаңы прогрессивдүү технологияларды ишке киргизип, максатка багытталган саясат жүргүздү. Стратегиялык багыт болуп Бишкек шаарынын, ошондой эле республиканын абоненттерине ADSL технологиясы боюнча Интернетке кенен тилке аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү болуп калды. Мындай технологияны колдонуу жалаң гана телефон тармагынын жүктөлүшүн азайтуу эмес, жаңы кызматтардын түрүн көрсөтүүгө жол ачты. 2005-жылы «Кыргызтелеком» ААКнын 2010-жылга чейин өнүгүү Стратегиясы иштелип чыкты жана бекитилди. Ишке ашкан Долбоорлор:
- Санариптик тармакты бир калыпта синхронизациялоочу тутумдун жаңылоо долбоору.
- Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын жана Ноокен районунун телекоммуникация тармагын жаңылоо Долбоору.
- Ысык-Көл облусунун курорттук аймагын жаңылоо жана өнүктүрүү Долбоору.
- БШТТ жаңылоо жана өнүктүрүү Долбоору.
- Спутниктик телекөрсөтүү Долбоору.
2006
Өлкө аймагында аналогдук станцияларды жаңы заманбап тутумдарга алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Станциялардын жалпы монтаждалган сыйымдуулугу боюнча 530 900 номурга жетип, санариптештирүү деңгээли 46%ды түздү. Абоненттердин саны 434 миңге жетти. Акыркы муундагы телекоммуникациялык кызматтарды Кыргызстандын бардык жашоочуларына жеткиликтүү кыла турган жалпы улуттук долбоорлор ишке берилип, ийгиликтүү ишке ашырылды. Алардын ичинен – Ысык-Көл курорттук зонасын өнүктүрүү долбоору. Аталган долбоор алкагында узундугу 44350 метрге барабар Тамчы-Балыкчы багытындагы оптика-жипче кабелинин курулушу байланыштын сапатын түп тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын болгон байланышы жок айылдарды телефондоштуруу долбоору жөнүндө сөз кылалык. Huawei Technologies компаниясы менен түзүлгөн пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Баткен облусунда CDMA-450 стандартындагы жабдыкты орнотуу иштери 2007 жылдын 1-январында аткарылып бүтүп, эң алыскы айылдарда телефон байланышы пайда болду. Бирок, эң маанилүү долбоор болуп, «Кыргызтелеком» ААКнын бардык абоненттерине заманбап телекоммуникациялык кызматтарды жана жогору технологиялык байланыштарга мүмкүндүк берчү «Санариптик келечек» долбоору эсептелет.
2007
Бишкек шаарынын жогорку аймагын жаңылоо боюнча долбоор ишке ашырылып, бардык аналогдук станциялар жана моралдык жактан эскирген санариптик АТСтер сапаттуу байланыш кызматтарынын кеңири спектрин көрсөтүүгө мүмкүндук бере турган жаңы заманбап жабдыктарга алмашылды. Мурда башталган бир топ долбооролор аткарылды.
2008
Иштеп жаткан ички зоналык радиорелейдик магистралдар жаңыланып, жаңы магистралдар ишке берилди. Пакеттик кошуу негизиндеги маалымат жана үн берүү тутумдары курулду. Жаңы транс-улуттук оптика-жипче магистралы курулду. Ишкердик процессти түп тамырынан бери карап чыгуу, долбоорлоону радикалдуу түрдө өзгөртүү боюнча CRM тутуму ишке ашырылды. Ички аймактык байланыш чубалгыларын санариптештирүү долбоорунун алкагында иштеп турган санариптик жана аналогдук радиорелейдик чубалгылар жаңыланды, Кыргыз Республикасынын ар бир райондук борборлорго жаңы санариптик агынды жеткирүү уюштурулду. Санариптик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу долбоорунда 2008-жылы Кыргызстандын алыскы айылдарында 86 автоматтык телеретрансляторлор жана 182 Жердин жасалма спутнигинен теле сигнал ала турган радиоберүүчү ретрансляторлор орнотулду. Муну менен, Кыргыз Республикасынын бардык жашоочулары камтылып, FM-толкунунда УТРК телекөрсөтүүсү жана республикалык радионун биринчи программасын уктуруу уюштурулду. Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Баткен облусунун жашоочуларына көп телепрограммаларды кабыл алууну камсыз кылчу санариптик телекөрсөтүү долбоору ишке ашырылды.
2009
Кыргызтелеком республикада биринчи болуп бардыгына жеткиликтүү чексиз тарифтик планын киргизди, ал эми 2010 жылы калктын кеңири катмарына Кыргызстандын Интернет-рыногунун тарыхында эң төмөн баада чексиз Интернет алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, башка провайдерлерди бааны төмөндөтүүгө аргасыз кылды. Мындан сырткары Бишкек шаарынын абоненттери үчүн трафикти эске алуучу тарифтик пландан тышкары Интернет-трафигинин баасы 2 эсе арзандатылды. Компаниянын бул кадамдары – Кыргызстанда Интернет- колдонуучулардын санын кескин көбөйүп, өлкөбүзгө көрүнүктүү натыйжа берди.
2021
2021-жылы "Кыргызтелеком" ААКнын телекоммуникация тармагын модернизациялоо боюнча негизги иш-чаралар ишмердиктин төмөнкү багыттарын өнүктүрүүгө багытталган:
- GPON маалыматтарды берүү технологиясын ишке ашыруу
- BGTS тармагын модернизациялоо 40G
- UMG8900 медиа шлюзун SIP/E1 медиа шлюзуна алмаштыруу
- Жыштыктарды жана лицензияларды алуу
- Радиорелейлик байланыш линияларын (РРЛ) модернизациялоо
2022
2022-жылы "Кыргызтелеком" ААКнын телекоммуникация тармагын модернизациялоо боюнча негизги иш-чаралар төмөнкүдөй иш багыттарын өнүктүрүүгө багытталган:
- SIP телефония кызматын ишке ашыруу
- Була-оптикалык байланыш линиясын эсепке алуу системасы жана GPON мониторинги (ERP UserSide системасы)
- Android TV үчүн тиркеме иштеп чыгуу
- BGTS тармагын модернизациялоо 40G
- DCASA долбоору
- GPON маалыматтарды берүү технологиясын ишке ашыруу
2023
2023-жылы "Кыргызтелеком" ААКнын телекоммуникация тармагын модернизациялоо боюнча негизги иш-чаралар төмөнкүдөй иш багыттарын өнүктүрүүгө багытталган: "Digital CASA-KR" долбоорун ишке ашыруу "Санарип Түшүм" долбоору ишке кирди
2024
2024-жылы «Кыргызтелеком» ААКтын 2024-жылга телекоммуникация тармагын модернизациялоо боюнча негизги иш-чаралар төмөнкүдөй иш багыттарын өнүктүрүүгө багытталган: "Digital CASA-KR" долбоорун ишке ашыруу GPON долбоорун ишке ашыруу "Коопсуз шаар 1" долбоору ишке ашырылды