«Кыргызтелеком» ААК 2024-жылдын июнь айында башталган Digital CASA-KR долбоорунун 4-этабын ишке ашыруунун башталышы жөнүндө билдирет. Анын алкагында Чүй жана Нарын облустарына 104,7 км оптикалык була кабели тартылды. Бул Кыргызстанда заманбап санариптик инфраструктураны түзүү үчүн маанилүү кадам болду.
Белгилей кетсек, республика үчүн бул маанилүү Digital CASA-KR долбоорун «Кыргызтелеком» ААК ишке ашырууда. Анын максаты – өлкөнүн бардык жарандарын жана мамлекеттик мекемелерин сапаттуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу болуп саналат.
4-этаптын алкагында 26 калктуу конушту жана 195 мамлекеттик объектилерди интернетке туташтыруу пландаштырылууда, бул санариптик кызматтарга жана ресурстарга жеткиликтүүлүктү кыйла жакшыртат. Долбоордун биринчи үч этабын ишке ашыруунун алкагында 2247,6 км оптикалык була линияларын куруу аяктады, бул өлкөнүн санариптик инфраструктурасын олуттуу кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Долбоордун бардык этаптарын аяктоо 2024-жылдын сентябрынын аягында пландаштырылган.
Долбоордун артыкчылыктары:
- Алыскы аймактардын тургундарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу
- Санариптештирүү аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу
- Шаар менен айылдын ортосундагы санариптик ажырымды кыскартуу
- Санариптик сабаттуулуктун деңгээлин, билим берүү жана маалыматтык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
«Кыргызтелеком» ААК Кыргызстандын бардык жарандары үчүн заманбап технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жигердүү иштерди улантууда.