ААК “Кыргызтелеком” Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болгон «Digital CASA» долбоорун ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи этабында бүткүл Кыргызстан боюнча була-оптикалык байланыш линияларын тартуу иш чаралар аякталды.
Белгилей кетсек, Чүй облусунда 216 чакырымдан ашык, Ош облусунда 190 чакырым, Нарын облусунда 118 чакырым, Жалал-Абад облусунда 24 чакырым, Баткен облусунда 30 чакырым линиялар тартылган. Учурда була-оптикалык байланыш линияларынын узундугу 644 чакырымды түзөт.
“Digital CASA” негизги инфраструктуралык долбоор жана Кыргыз Республикасын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Кең тилкелүү интернетке 4 миңден ашык пунктту кошуу пландаштырылууда, ага ооруканалар, билим берүү мекемелери ж.б. кирет
“Кыргызтелеком” ААК учурда D-CASA долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 60 калктуу конуштагы 374 пунктту жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырды. Учурда экинчи этап боюнча иштер жүрүп жатат.
2024-жылдын аягына чейин жалпысынан 213 калктуу конушту жана 1424 социалдык объектилерди оптикалык булалуу интернетке туташтыруу пландалууда.
Digital-Casa долбоорун ишке ашыруу үчүн DWDM технологиясын колдонуу менен жалпысынан 30 магистралдык түйүндөр пландаштырылууда. Бул үчүн жабдуулар Кыргызстанга 2023-жылдын 8-сентябрында келген.
КНСти жана башка чыг