"Кыргызтелеком" ААК бизнес бөлүмүнө кош келиңиз!

Биз ар кандай масштабдагы ишканалар жана уюмдар үчүн заманбап жана комплекстүү чечимдерди сунуштайбыз. Биздин кызматтар бизнесиңиздин натыйжалуу өнүгүшүнө жардам берет, ишенимдүү байланыш, жогорку ылдамдыктагы интернет жана инновациялык санариптик сервисдер менен камсыз кылат. Бул жерден сиз бизнесиңиздин санарип доорунда ийгиликтүү өсүшү үчүн зарыл болгон бардык нерсени таба аласыз.

Биздин кызматтар

Интернет

ААК "Кыргызтелеком" бизнес кардарларга "Интернет" кызматын сунуштайт – бизнесиңиздин муктаждыктарына ылайыкташтырылган ишенимдүү жана тез интернет туташуусу. Биз кепилденген өткөрүү жөндөмдүүлүгү, ийкемдүү тарифтик пландар жана түнү-күнү техникалык колдоо менен жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын сунуштайбыз, бул сиздин ишканаңыздын ар дайым байланышта болушун камсыз кылат.

IPTV

ААК "Кыргызтелеком" бизнес кардарларга "IPTV" инновациялык кызматын сунуштайт – ишканаңыздын муктаждыктарына ылайыкташтырылган санариптик телевидение. "Кыргызтелеком" IPTV – бул жөн гана телевидение эмес, кардарлар жана кызматкерлер үчүн жагымдуу атмосфера түзүү, катышууну жогорулатуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн күчтүү курал.

VPN L2

ААК "Кыргызтелеком" бизнеске "VPN L2" (Virtual Private Network Layer 2) кызматын сунуштайт – филиалдар, офистер жана алыскы кызматкерлер арасында коопсуз байланыш каналдарын түзүү үчүн чечим. Бул өлкө боюнча жана андан тышкары маалыматтарды коопсуз өткөрүү үчүн ишенимдүү туташууну талап кылган компаниялар үчүн идеалдуу чечим.

Сервердик жабдууларды ижарага алуу

ААК "Кыргызтелеком" бизнеске "Сервердик жабдууларды ижарага алуу" кызматын сунуштайт – өзүнүн инфраструктурасына инвестиция салбастан, күчтүү сервердик ресурстарды талап кылган компаниялар үчүн идеалдуу чечим. Биздин кызмат маалыматтарды сактоо, маалыматты иштетүү жана ресурстарды башкаруу үчүн алдыңкы технологияларды жабдууларга минималдуу чыгымдар менен колдонууга мүмкүндүк берет.

Бизнес үчүн негизги кызмат категориялары:

Бизнес үчүн интернет

Жогорку ылдамдыктагы интернет

Офис же ишканаңыз үчүн ишенимдүү жана туруктуу туташуу. Биз чакан ишканадан тартып ири корпорацияларга чейин бизнесиңиздин муктаждыктарына ылайыкташтырылган ар кандай тарифтик пландарды сунуштайбыз.

Корпоративдик VPN

Коопсуз жана тез маалымат берүү каналдары, компанияңыздын алыскы филиалдарын бирдиктүү түйүнгө бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Офистер жана кызматкерлер арасында маалымат алмашуунун коопсуздугун камсыз кылыңыз.

Интернетке атайын канал аркылуу кирүү

Эң жогорку жүктөмдөрдө да кепилденген өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана туташуунун ишенимдүүлүгү. Магистралдык каналдарга түз туташуу аркылуу маалымат берүүдө минималдуу кечигүүлөр. Бизнесиңиздин өсүп жаткан муктаждыктарына жараша туташуу ылдамдыгын масштабдоо мүмкүнчүлүгү.

PPPoE протоколу боюнча интернетке кирүү

Ар кандай масштабдагы бизнес үчүн ылайыктуу туруктуу интернет байланышы. Компаниянын ичинде интернет ресурстарын колдонууну ийкемдүү орнотуу жана мониторинг жүргүзүү.

Сервердик жабдууларды ижарага алуу

Санариптик телефония

Корпоративдик IP-телефония

Байланыш чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүк берген заманбап бизнес чечим. Тез туташуу, орнотуулардын ийкемдүүлүгү жана чалууларды башкаруу үчүн CRM-системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү.

Көп каналдуу номерлер

Чалууларды ийкемдүү башкаруу жана линиялар боюнча бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү менен уюштуруу. Бардык чалуулар бирдиктүү номерге келип түшүп, компания менен байланышта ыңгайлуулук жана жөнөкөйлүктү камсыз кылат.

ААК "Кыргызтелеком" менен кызматташуунун артыкчылыктары:

Ишенимдүүлүк жана туруктуулук
Телекоммуникация тармагында 30 жылдан ашык тажрыйба жана бизнес муктаждыктарын терең түшүнүү.
Жеке чечимдер
Стартаптан баштап ири корпорацияларга чейин бизнес муктаждыктарына ылайыкташтырылган ийкемдүү чечимдерди сунуштайбыз.
Түнү-күнү техникалык колдоо
Биздин команда туташуу жана кызматтарды тейлөө боюнча ар кандай суроолорду чечүүгө ар дайым даяр.
Кеңири камтуу түйүнү
Биз өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде эң алыскы региондордо кызматтарды сунуштайбыз.

Бизнес үчүн байланыштар:

Консультация алуу үчүн же бизнесиңизге ылайыкташтырылган чечимдерди талкуулоо үчүн биз менен байланышыңыз.

Өтүнмөнү калтыруу

Сын-пикирлер

УТРК

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы биздин каналдарды ишенимдүү ретрансляциялаганыңыз жана жемиштүү кызматташуубуз үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Сиздердин ыкчамдуулук, кесипкөйлүк жана биздин муктаждыктарыбызга кылдат мамилеңиздер бүт өлкө боюнча миллиондогон көрүүчүлөргө сапаттуу берүү камсыз кылууга жардам берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы «Кыргызтелеком» ААКсына күнүмдүк ишибизди эң жогорку деңгээлде камсыз кылган ишенимдүү жана сапаттуу телекоммуникациялык инфраструктураны түзүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. «Кыргызтелеком» компаниясынын кесипкөйлүгү жана ылдамдыгы аркасында биз салык чогултуу боюнча милдеттерибизди натыйжалуу аткарып, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыздай алабыз.
Өзгөчө «Кыргызтелеком» биздин маалыматтык системаларыбыз жана онлайн-кызматтарыбыз үчүн камсыз кылган маалыматтарды берүүнүн туруктуулугун жана жогорку ылдамдыгын белгилегибиз келет. Бул бизге чоң көлөмдөгү маалыматтарды тез жана коопсуз иштетүүгө мүмкүндүк берет, бул милдеттерибизди убагында жана так аткаруу үчүн өтө маанилүү.
«Кыргызтелеком» ААКсы биздин өзгөчө муктаждыктарыбыз үчүн жекече чечимдерди сунуштоого дайыма даяр болгон ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары таанылган. Биз кызматташтыгыбызды жогору баалайбыз жана телекоммуникациялык кызматтардын жогорку ишенимдүүлүгүнө жана сапатына умтулган бардык мамлекеттик жана жеке уюмдарга «Кыргызтелекомду» ишенимдүү түрдө сунуштайбыз.

Элдик банк

«АльфаТелеком» компаниясы «Кыргызтелеком» ААКсына жемиштүү кызматташтык жана көрсөтүлүп жаткан телекоммуникациялык кызматтардын жогорку сапаты үчүн ыраазычылыгын билдирет. «Кыргызтелеком» ААКсынын байланышынын ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу бизге кардарларыбызга кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээлин сактоо үчүн зарыл ресурстарды камсыздайт.
Өзгөчө техникалык маселелерди чечүүдөгү жогорку ылдамдыкты жана ийкемдүүлүктү белгилегибиз келет, бул бизге жаңы талаптарга тез ыңгайлашууга жана тез өнүгүп жаткан рынокто атаандаштык артыкчылыктарды сактап калууга мүмкүндүк берет.
«Кыргызтелеком» ААКсы ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары көрсөттү, биз аны менен келечекте да кызматташууну пландаштырабыз. Биргелешкен ишибиз эки компаниянын тең өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимдүүбүз.

«Айыл Банк» ААКсы

Биз, «Айыл Банк» ААКсында, телекоммуникациялык кызматтарды көрсөтүүдөгү кесипкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн «Кыргызтелеком» ААКсына чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. «Кыргызтелеком» ААКсы менен кызматташтык бизге кеңселерибизде байланыштын жана интернет-кызматтардын сапатын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берди, бул өз кезегинде кызматкерлерибиздин натыйжалуураак иштешине жана кардарларга тейлөө деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт.
Өзгөчө «Кыргызтелекомдон» алып жаткан техникалык колдоонун ылдамдыгын жана жогорку деңгээлин белгилегибиз келет. Алардын адистери жардам берүүгө дайыма даяр жана келип чыккан маселелерди тез чечишет, бул биздин бизнесибиздин үзгүлтүксүз иштеши үчүн абдан маанилүү.
Биз «Кыргызтелеком» ААКсы менен кызматташтыгыбыз мындан ары да уланат деп ишенебиз жана телекоммуникация чөйрөсүндө ишенимдүүлүккө жана сапатка умтулган башка компанияларга жана уюмдарга алардын кызматтарын кубаныч менен сунуштайбыз.

«Межрегиональный ТранзитТелеком» АК (РФ)

“Трафикти өткөрүү жаатындагы көп жылдык кызматташтыгыбыз эки компаниянын тең өнүгүшү үчүн маанилүү негиз болду. Ушул жылдар аралыгында сиз көрсөткөн кызматтардын жогорку сапатына жана ишенимдүүлүгүнө бир нече жолу ынанганбыз. Сиздин командаңыз үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылып, дайыма ылдамдыкты жана кесипкөйлүктү көрсөтүп келди. Бул өнөктөштүк бизге ишенимдүү түрдө алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга мүмкүндүк берди. Биз сиздин аракеттериңизди абдан жогору баалайбыз жана келечекте дагы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз!”

Юниверсал бизнес репорт

«ЮБР (Юниверсал бизнес репорт)» компаниясы «Кыргызтелеком» ААКсына ишенимдүү телекоммуникациялык байланышты камсыз кылганы үчүн ыраазычылыгын билдирет. «Кыргызтелеком» ААКсынын кызматтары ишенимдүү, үзгүлтүксүз жана туруктуу. Техникалык адистердин кесиптик ишин жана административдик кызматкерлердин кайрылууларга тез жооп кайтаруусун белгилейбиз.
Кызыкдар тараптарга жана өнөктөштөргө «Кыргызтелеком» ААКсы менен ишенимдүү өнөктөш катары кызматташууну сунуштайбыз. Андан ары да жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз.

«ТрансТелеКом» Компаниясы АК

«ТрансТелеКом» Компаниясы АК «Кыргызтелеком» ААКсына көп жылдык жемиштүү жана ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Биз арабызда орногон ишкердик мамилелерди жана өнөктөштүк өз ара түшүнүшүүнү жогору баалайбыз. Сиздин жамаатыңыздын кесипкөйлүк деңгээлин өзгөчө белгилеп, телекоммуникация чөйрөсүндөгү биргелешкен ишибиздин жүрүшүндө келип чыккан көптөгөн маселелерди чечүү үчүн зарыл маалыматтарды берүүдөгү ылдамдыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Биздин өнөктөштүк мамилелерибиз мындан ары да өнүгүп, ишкердик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт жана кийинки кызматташтыгыбыз өсүп, дагы да жемиштүү жана ийгиликтүү болот деп ишенем.

МТС Exolve «МТТ» АК

“Трафикти өткөрүү жаатындагы көп жылдык кызматташтыгыбыз эки компаниянын тең өнүгүшү үчүн маанилүү негиз болду. Ушул жылдар аралыгында сиз көрсөткөн кызматтардын жогорку сапатына жана ишенимдүүлүгүнө бир нече жолу ынанганбыз. Сиздин командаңыз үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылып, дайыма ылдамдыкты жана кесипкөйлүктү көрсөтүп келди. Бул өнөктөштүк бизге ишенимдүү түрдө алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга мүмкүндүк берди. Биз сиздин аракеттериңизди абдан жогору баалайбыз жана келечекте дагы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз!”

ҮДБ №3

ҮДБ №3 администрациясы «Кыргызтелеком» ААКсына телекоммуникациялык кызматтарды көрсөтүүдөгү кесипкөйлүгүңүз жана ишенимдүүлүгүңүз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. «Кыргызтелеком» ААКсы менен кызматташтык бизге ФАП имаратыбызда байланыштын жана интернет кызматтардын сапатын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берди, бул өз кезегинде кызматкерлерибиздин натыйжалуураак иштешине жана кардарларга тейлөө деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт.
Өзгөчө «Кыргызтелеком» ААКсынан алып жаткан техникалык колдоонун ылдамдыгын жана жогорку деңгээлин белгилегибиз келет. Сиздин адистериңиз жардам берүүгө дайыма даяр жана келип чыккан маселелерди тез чечишет, бул биздин БСМнын үзгүлтүксүз иштеши үчүн абдан маанилүү. Биз «Кыргызтелеком» ААКсы менен кызматташтыгыбыз мындан ары да уланат деп ишенебиз жана телекоммуникация чөйрөсүндө ишенимдүүлүккө жана сапатка умтулган башка уюмдарга, компанияларга аларды кубаныч менен сунуштайбыз.

"Кыргызтелеком" ААК
- Телекоммуникациядагы жана санариптик чечимдердеги сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз