1925-жылы Парижде түзүлгөн жана 152 өлкөнүн улуттук радио ышкыбоздорунун уюмдарын бириктирген Эл аралык радио сүйүүчүлөр союзу (IARU) кезектеги IARU HF CHAMPIONSHIP эл аралык мелдешин өткөрдү.
Сынакка 63 өлкөнүн радио сүйүүчүлөрү катышып, катышуучулардын жалпы саны 6 миңден ашты. Бул мелдештерге Кыргызстандан улуттук радио ышкыбоздор уюмунун атынан биринчи жолу команда катышты.
Сынак радио ышкыбоздорунун оператордук жана техникалык тажрыйбасын өркүндөтүү максатын көздөйт, алар дүйнө жүзү боюнча башка радиостанциялар менен, өзгөчө улуттук ышкыбоздук радио уюмдарынын штабдары менен – IARU мүчөлөрү менен мүмкүн болушунча көбүрөөк радио байланыш түзүүгө тийиш.
Бардык катышуучулар станциядагы операторлордун санына карабастан 24 саат бою иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын командасы Япония (2 команда), Кытай (5 команда) сыяктуу командаларды жана Россия Федерациясынын Азия бөлүгүнөн келген командаларды жеңип, дүйнөлүк рейтингде 32-орунду, Азияда 3-орунду ээледи.