Байланыш тармагы өнүккөн сайын калктын да заманбап телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талабы да өсүүдө. Бул тармакка жаңы багыттарды киргизүүнү жана кызматташтыктын масштабын кеңейтүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу, электр байланыш операторлорунун кеңешинин жана регионалдык шериктештиктин инфокоммуникацияларынын байланыш жаатындагы 44-жыйынынын алкагында “Узтелеком” АК менен “Кыргызтелеком”ААКнун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кол коюлган меморандумдун алкагында, компаниялар өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, ошондой эле телекоммуникация кызматтарын, байланыш инфраструктурасын жакшыртууну жана тармактык мүмкүнчүлүктөрдүн потенциалын жогорулатууну пландаштырууда.