«Кыргызтелеком» ААК Талас районунда санариптештирүү боюнча амбициялуу долбоордун башталганын кубаныч менен билдирет, анын алкагында Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү бардык үйлөр жогорку ылдамдыктагы интернетке жана кабелдик телеберүүгө кошулат.
Долбоор төрт айылды, анын ичинде 1140 үйдү камтып, жашоочуларды заманбап технологиялар менен камсыз кылып, маалымат жана көңүл ачууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда бир айыл – Кеңешке ийгиликтүү кошулду, калган айылдарды 2024-жылдын март айынын аягына чейин туташтыруу пландалууда.
Долбоордун салтанаттуу ачылышы «Кыргызтелеком» ААК Талас филиалынын директору Самат Долдоев, Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары жана район активинин катышуусунда өттү.
Бул иш-чара биздин аймактагы инфраструктураны жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө болгон умтулуубузду, ошондой эле Кыргызстандын ар бир жашоочусун жогорку сапаттагы байланыш кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу негизги максатыбызды баса белгилейт.
«Интернет жана телекөрсөтүү ар бир үйдө болот. Биз айыл өкмөтү менен ушундай келишимге келдик. Ошондой эле айылдын төрт тургунун жумуш менен камсыз кылып, учурда техникаларды жеринде тейлөөгө үйрөтүп жатабыз. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүндө камералар интернетке туташтырылып, келечекте «Коопсуз айыл», «Коопсуз көчө» долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатабыз», – деди Долдоев.
«Кыргызтелеком» ААК Кыргызстандын бардык аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоо максатында өзүнүн таасирин кеңейтүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди улантат.
Компания жөнүндө: «Кыргызтелеком» ААК Кыргызстандагы телекоммуникация кызматтарынын алдыңкы оператору болуп саналат, телефон байланышы, интернет жана телекөрсөтүү сыяктуу кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт. Биз инновациялар жана технологиялык өнүгүү аркылуу туруктуу келечекти түзүүгө умтулабыз.