Иш-чара ачык талкуу форматында өтүп, министрликтин өкүлдөрү компаниянын кызматкерлерине Доктринанын негизги максаттары жана принциптери тууралуу маалымат беришти. Анын негизги багыты – улуттук баалуулуктарды чыңдоо, руханий өнүгүүнү тереңдетүү жана ар бир жарандын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.
«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Доктринасы адамдын ички дүйнөсүн байытуу, улуттук биримдикти бекемдөө жана дүйнөлүк өнүгүү багыттары менен айкалыштыруу идеясына негизделет.
«Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилиги жана жамааты бул демилгени колдоорун билдирип, руханий жактан бай, жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү коомду калыптандырууга салым кошууга даяр экендигин баса белгилейт.




