20-ноябрда Бишкекте өлкөнүн санариптик өнүгүү маселелери боюнча негизги форум — KIGF 2025 өттү, ага телекоммуникация жана IT тармагынын алдыңкы эксперттери чогулушту.
Компаниянын атынан коммерциялык директор Улугбек Ахметов катышып, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда интернеттин келечегине карата кесипкөй көз карашын бөлүштү, ошондой эле панелдик сессияларда өзгөчө кызыгууну жараткан DCASA долбоору тууралуу айтып берди.
Кыргызтелеком ар дайым диалогго ачык жана өзүнүн көз карашын, бай тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр, өлкөнүн туруктуу санариптик келечегин курууга салым кошууда!
МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Форум БУУнун колдоосу астында дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүүчү Internet Governance Forum (IGF) глобалдык интернетти башкаруу демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Форумдун максаты – санариптик технологиялар Кыргызстандын бардык жашоочулары үчүн интернетке бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана жашоо сапатын жакшыртууга жардам берүү. Иш-чараны Байланыш операторлорунун ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Internet Development Organization (IDO) уюмдары уюштурушат.




