“Кыргызтелеком” ААК Кыргызстандын ар кайсы аймактарына 500 түп көчөт отургузат. Азыркы учурда олуттуу башталыш жасалды: 200 түп көчөт отургузулду, анын ичинде ак кайың, кедр, тал жана башка жалбырактуу бак-дарактар. Бул кадам “Кыргызтелекомдун” сапаттуу байланыш кызматын көрсөтүү менен гана чектелбестен, жаратылышты коргоого жана келечек муундар үчүн жашыл аймактарды түзүүгө болгон умтулуусун баса белгилейт. Биздин шаарлар менен айылдарыбыздын экологиясын жана кооздугун жакшыртуу, корпоративдик жоопкерчиликтин жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн колдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.