«Кыргызтелеком» ААК телекоммуникациялык инфраструктураны активдүү жаңыртууну улантып, интернет тармагына жетүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлин камсыз кылган заманбап технологияны ишке киргизүүдө.
Жаңыртуу иштеринин алкагында ар бир абонент 1 Гбит/с чейин ылдамдыктагы интернетке туташууга техникалык мүмкүнчүлүк алат. Бул аралыкта билим алууга, бизнеске, санариптик мамлекеттик кызматтарга жана мультимедиялык сервистерге кеңири шарттарды түзөт.
Телекоммуникациялык инфраструктураны жаңыртуу төмөнкү калктуу конуштарда жүргүзүлүүдө:
Ош облусу: Кара-Суу районунун Правда айылы, Кара-Суу районунун Мамажан айылы, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылы, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылы.
Жалал-Абад облусу: Сузак районунун Комсомол айылы, Сузак районунун Кызыл-Сенир айылы, Ноокен районунун Арал айылы, Аксы районунун Кулук-Добо айылы, Аксы районунун Кулук-Добо айылы, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылы.
Талас облусу: Манас районунун Семетей айылы, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылы.
Чүй облусу: Москва районунун Кыз-Моло айылы, Москва районунун Беш-Терек айылы, Кемин районунун Орловка шаары, Кемин районунун Боролдой айылы.
Бишкек шаары: «Жибек-Сити» турак жай комплекси.
Нарын облусу: Кочкор районунун Кара-Суу айылы, Нарын районунун Учкун айылы, Жумгал районунун Байзак айылы, Нарын районунун Куланак айылы, Кочкор районунун Дон-Алыш айылы, Кочкор районунун Кум-Добо айылы.
Баткен облусу: Баткен районунун Чек айылы, Баткен районунун Жаны-Жер айылы.
Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл районунун Ананьев айылы, Ысык-Көл районунун Чон-Орукту айылы, Ак-Суу районунун Ак-Суу айылы, Тон районунун Кара-Талаа айылы, ГИК турак жай комплекси, Каракол шаары.
Телекоммуникациялык инфраструктураны жаңыртуу Кыргыз Республикасынын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат жана санариптик теңсиздикти кыскартууга, телекоммуникациялык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.
«Кыргызтелеком» ААК тармакты этап-этабы менен кеңейтүүнү улантып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.
«Кыргызтелеком» ААК тарабынан жогорку ылдамдыктагы интернетке туташуу баштала турганы тууралуу жаңылыктарга жана анонстарга көз салып туруңуз.
Компаниянын кызматтары боюнча маалымат:
1812
0(509)001812 — O!
0(997)001812 — Megacom
0(778)001812 — Beeline




