«Кыргызтелеком» ААК имаратынын мунара саатында жүргүзүлгөн оңдоо жана алдын алуу иштеринин аяктаганын маалымдайт.
Иштердин алкагында эскирген механизмдер алмаштырылып, эки циферблатта тең зарыл болгон техникалык жөнгө салуулар жүргүзүлдү. Убакыт көрсөтүү толук калыбына келтирилип, мунара сааты штаттык режимде иштеп жатат.
«Кыргызтелеком» ААК шаар тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.




