«Кыргызтелеком» ААК 15-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөн санариптештирүү боюнча аймактык форумга катышты. Баткен филиалынын директору Максат Мажитов катышуучуларга компаниянын ишмердүүлүгү жана ийгиликтери тууралуу айтып берди.
«Биз эскирген технологияларды оптикалык була менен алмаштырууну көздөп жатабыз, ошону менен ылдамдыкты жоготууну азайтабыз. Мындан тышкары Digital CASA-KR долбоорунун алкагында социалдык объектилерди интернетке активдүү кошуудабыз», – деди Мажитов.
Ошондой эле форумдун алкагында «Кыргызтелеком» стенд уюштуруп, анда компаниянын адистери тармактын иштешин каалочуларга көрсөтүштү.
Аймактык форум Ош жана Жалал-Абадда да өтөт.